Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтүнүн бүтөрүнө үч күн калды

Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтүнүн бүтөрүнө үч күн калды

Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтүнүн бүтөрүнө үч күн калды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 15-февралдан тарта документти алмашпагандар КРдин Жазык кодексинин 122-беренесине ылайык, транспорт каражатын документсиз айдап жүргөн катары айып пулу коюлат. Айып пулдун өлчөмү 1000 сом, мындан тышкары автоунаа айып короого киргизилет.

Эске салсак, быйыл июль айынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк бербей калган. Себебин эски үлгүдөгү бланктар жок калды деп түшүндүрүшкөн. Айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүсү басылып чыкканга чейин ордуна убактылуу бланк берилип келген. Башында убактылуу айдоочулук күбөлүк 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу деп саналып, бирок элдин өтүнүчү менен 15-февралга чейин узартылган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости