Телесериал тартчулар барбы?! Эки сериалга сынак жарыяланды, ар биринин бюджети 5 миллион сом

Телесериал тартчулар барбы?! Эки сериалга сынак жарыяланды, ар биринин бюджети 5 миллион сом

Социалдык маанидеги сүйүү, патриоттуулук, улуттук каада-салтты камтыган эки телесериялга сынак жарыяланды. Ар бирине беш миллион сом сарпталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги берген маалыматта айтылат.

Белгилүү болгондой, сынактын уюуштуруучусу Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы. Анткен менен түшкөн сценарийлердин документтерин Маданият министрлиги тарабынан түзүлгөн сынактык комиссия карайт.

Эң негизгиси коюулган талапка ылайык, тартыла туруучу сериалдар кыргыз тилинде болуп, ал мекенди сүйүүгө, улуттук каада-салтты сактоого жана өнүктүрүүгө үгүттөшү керек. Эки бөлөк сериалдын сценарийлери жаш муунду тарбиялоого негизделиши шарт. Анын бир сериалы эле 12 бөлүмдөн туруп, ар биринин узактыгы 40 мүнөт болушу эскертилет.

Дагы бир шарт боюнча, сериалдардын бири 2020-жылдын 1-октябрында эфирден көрсөтүүгө даяр болушу керек. Мына ушуларга маакул болгон, кызыккандар документтерин 29-февралына чейин тапшырып бүтүшү керек.

Айтмакчы, аталган сынакка атайын чыгармачылык уюм, топтор гана эмес бардык жарандар катыша алары көрсөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости