Россияда жол кырсыгы катталып, кыргызстандык жаран жаракат алды

Россияда жол кырсыгы катталып, кыргызстандык жаран жаракат алды

Санкт-Петербургда жол кырсыгы катталып, кыргыз жараны оор жаракат алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 11-февралда Санкт-Петербург шаарында катталган. Анда ГАЗель Next кичи автобусу токтоп турган жүк ташуучу унааны сүзгөн. Кичи автобустун айдоочусу 1962-жылы тулган кыргыз жараны экени аныкталып, оор абалда ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалыматты ырастап, Санкт-Петербургдагы консулдук кырсык тууралуу маалыматтарды тактап жатканын билдирди.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости