Нурзат Токтосунованын жүзүн эми күйөрмандары көрбөйт

Нурзат Токтосунованын жүзүн эми күйөрмандары көрбөйт

Белгилүү теле алпаруучу Нурзат Токтосунова эми ар дайым жоолук салынарын айтып, өзүнүн социалдык тармагы аркылуу күйөрмандарына кайрылды.

“Бүгүнтөн баштап мени жоолукчан көрөсүздөр. Аллахымдын берип жаткан жашоомдогу бардык жакшылыктарын чексиз шүгүрчүлүк кылам. Аялзатына тиешелүү болгон бир парзды аткарууну чечтим”, — деп видеотасма аркылуу жар салды.

Социалдык тармактарда Нурзат Токтосуновага жакшы жана терс пикирлер дагы айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости