Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Таласка куда болду
Адабият  |   |  17252

Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Болот аксакал 30 кишини алдына салып, кыргыздын салтын сыйлап, кулдук уруп, Таластын айдай сулуу ак куудай татынакай  кыздын колун сурап келди. Бул тууралуу маалыматты бизге ишенимдүү булактар билдирди.

Казакстандан келген кудаларды Өмүрбек Бабанов, Мирлан Жээнчороев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Камчыбек Узакбаев жубайы экс-депутат Элмира Жумалиева баш болуп Бишкектеги “Фрунзе” ресторанында тоскон. 

Кара-буралык суйкайган сулууну жеңелери жеткирип кетиптир. Кыскасы, кызга, кудаларга тиешелүү салт-санаанын баарын жасашып, ынтымакты бекемдешти. Ошентип кыргыздар дагы бир жолу Назарбаевге куда болду. Жакында кудалардын ысымдарын жарыя кылабыз.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями