Нурмат Садыров: Апамды Меккеге алып жөнөдүм

Нурмат Садыров: Апамды Меккеге алып жөнөдүм

Учурда эл арасында жакшы ырлары менен белгилүү болгон Нурмат Садыров бүгүн, 28-январда апасы менен Сауд Арабиясындагы ыйык Мекке шаарына жөнөдү. Бул тууралуу ырчы «Маралга» берген маегинде билдирди.

-«Бейиш эненин таман алдында» демекчи, энелерди Меккеге жонубузга көтөрүп алып барсак дагы ак сүтүн актай албайбыз. Ошондуктан, апакемдин ыраазычылыгын алып, дал ушул ыйык шаарга алып барып келүү менин максатым эле. Буйруса, ал кыялым орундалып, ыйык Мекке шаарына жөнөп жатабыз. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, дуба кылып, сыйынып келүү бактысы бизге да буйруду, деди ырчы.

Назар Новости