Ийгиликтүү тандем – продюсер Нурбек Айбашов менен режиссёр Руслан Акундун мээнетинен жаралган тасмаларды калың эл күтүп көрөт. “Салам, Нью-Йорк”, “Апамды издеп”, “Көк-Бөрү” тасмалары эл тарабынан жылуу кабыл алынып, коомчулук жогорку баасын берди. 33 жаштагы кинопродюсер Нурбек Айбашов коомчулукка ишкер катары да таанымал. Маектешибиз башынан өткөн оор күндөрүн жана азыр ал мээнеттин акыбети кантип кайтып жатканын баяндап берди.
— Нурбек, “Салам, Нью-Йорк” тасмасындагы кайсы эпизоддор сиздин жашооңуздан алынган?
— Мен Ош шаарынан болом. Баштапкы билимди түрк лицейинен баштагам. Андан кийин Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин менеджмент бөлүмүнө өз күчүм менен өттүм. Атам менен апам мен беш жашымда эки башка жолго түшүптүр. Мен атамдын колунда катуу тартипте, ашыкча эркелик көрбөй өстүм. Атам башынан эле ишкерлик жолунда. Анын эмерек жасаган ишканасы бар эле. Эс тарткандан баштап ар бир күнүм ошол ишканада эмерек жасоого жардам берүү менен өттү. Өткөөл курак кезимде атам менен “эмне үчүн жумушчуларга убагында айлык бербейсиз?” деп айтыша кеттим. Ошондо ал “мага акыл үйрөткөнгө жарап жаткандан кийин мени багуу деле колуңдан келип калыптыр” дегенде курчтукка салып үйдөн чыгып кеткем. 16 жашта болчумун. Ишенген эч кимим жок болсо да Бишкекке келдим. Кафеге официант болуп орноштум, ошол эле учурда кароолчу да болдум. (Күлүп) Мас болуп калгандарды үйүнө жеткирип, ага өзүнчө акы алчумун. Кафеге келген кардарлар торт керек дешсе дүкөнгө чуркап барып алып келе калып, ага да акы алчумун. Негизи, өзүм эпчил болчумун, ошентип бир эле учурда 2-3 жумушта иштеп жаттым. Суткасына 17-18 саат иштеген учурларым көп болду. Жумуштан жумуш издеп, урунуп-беринип жүрүп жашоодо өз ордумду таптым. Тырышчаактык жагым “Салам, Нью-Йорктогу” Бектемирге окшош го дейм. Кийин акча жакшы тапканда толтура азык-түлүк алып атама бардым. Көрмөксөнгө салып койду, бирок ичи жылыганын сездим.
— Апаңыз менен катташкан жоксузбу?
— Катышам. Беш бир туугандын үчүнчүсүмүн. Азыр атам менен да, апам менен да мамилем өтө жакшы. Бир өксүгүм, бала кезимде мээримден куру калдым. Жанагы Бектемир Америкага жетип, акыркы тыйыны менен апасына телефон чалганда “балам, курсагың ачкан жокпу?” деп сурайт го. Ошол жерин канча жолу көрсөм, ошончо жолу көзүмө жаш айланат. Анткени менден эч ким убагында антип сураган эмес. Ал сезим мага тааныш эмес. Бир аз ирденип Америкага иштегени кеттим. Анда деле чалып коюшпайт. Кийин таарынгансып “кандайсың, эмне болдуң?” деп сурап койчу эмессиңер десем, “сен тың болчусуң да, сага ишенчүбүз” дешет. Балким, апам деле ичинен катасын сезет болуш керек. Адам кичинесинде эмнеден кем болсо, балдарына ошол нерсени ашыгы менен бергенге аракет кылат экен. Азыр үч балага ата болдум. Алардан мээримимди аябайм. Кээде ашыкча эркелетип жатып кийин өкүнүп калбайын деп да чочуп кетем.
— Келинчегиңизди да кино тармагынан таптыңызбы?
— Жок, башка эле тармактан таанышканбыз.Сезимибиз күч алып, келинчегим 18 жашында, мен 26 жашка чыкканда турмуш курдук. Балдарды чоңойтуп, эми ал да ишкерликке аттанып жатат. Үлпөт көйнөктөр салонун ачтык. Кандай аракет кылып иштетип кетер экен деп байкап турам. Кыйналып баратса көтөрмөлөп жардам берем. Адам кыйынчылык көргөн сайын чыйраларын өзүмдөн улам билем.
— Ишкер экениңизди билем. Кайсы тармакта иштейсиз?
— Учурда фильтрленген таза суу коё турган компаниям бар. Кыргызстан боюнча 12ден ашуун филиалы ачылды. Көп жылдан бери ушул тармакта иштеп келе жатам. Буга чейин кондитердик азыктарды алып келип дүңүнөн сатчумун. Бирок ал өтө пайдалуу эмес экен. Бир таттууга буйрутма беришет, ал келгенде тандоосу өзгөрүп кетет. Ошол бойдон сатылбай, балдар, карылар үйүнө, кээде карызга таратып бергенге туура келди. Колуң менен бергенди бутуң менен чуркап аласың дегендей, карызды чогултмагың бир азап. Ошондон кийин ал ишимди сатып жибергем. Буюрса, эми Европа өлкөлөрүндөгүдөй ар бир айдоочу өзүнүн унаасын өзү жууп-тазалай турган жай ачам. Бардык шарты бар, ошол эле учурда 60-70 сомго унаасын өзү жууп кете берет. Азыр ушунун документ иштери менен чуркап жүрөм.
— Руслан Акун экөөңүздөрдүн тандемиңиздер кандайча башталды?
— 2008-жылы Америкага атайын үч айлык программа менен барып, сейил бакта гид болуп иштеп жүрдүм. Ошол учурда Руслан менен таанышып калдым. Аракетчилдигине ошондо эле баа бергем. Кийин экөөбүз тең Бишкекке келдик. Мен ишкерлик жаатына кеттим. Көп өтпөй мага биргеликте кино тарталы деген сунуш киргизди. Ага чейин “Бишкек, мен сени сүйөм” деген кино тарткан экен. Макул болуп “Салам, Нью-Йоркту” тарттык. Азыр ойлоп көрсөм ошол кезде тажрыйбанын аздыгынан акчага көп күч келиптир. Кино сатыкка чыккандан кийин пираттык варианты чыгып кетти. Түнү менен тартип сакчыларды ээрчитип алып “Дордойдо” пираттык диск саткан катарды кыдырып, баарын чогултуп чыкканыбыз эсимде. Ошондо бул тармакка келип калганыма өкүнгөм. Кийин кино таанылып, атагы чыккандан кийин дарегибизге көп жакшы мактоолор айтылды. Тарткан азабыбыздын баары ошондо жуулуп кетти.
— Ошондо кино тартууда сиздин милдеттериңиз кайсы?
— Руслан сценарий жазат, актёрдук курамды өзү тандайт. Тартуу иштери башталганда учуп келет, съёмка бүткөндө кетет. Ага чейинки тартуу иштерине даярдык, актёрлордун келишими, кинону жайылтуу, таратуу, жармана кылуу толугу менен менин моюнумда.
— А кинодон түшкөн киреше кандай бөлүнөт, эгерде сыр болбосо?
— Биздин максат – акча табуу эмес. Эгер ошондой болсо, аз бюджет менен эптеген эле кино тартмакпыз. Көбү бизди миллионер деп ойлошот. Бирок биз кинотеатрга, жарнамага, актёрлорго каржынын көбүн коротобуз. Тасмаларыбыз өзүн-өзү актап келе жатат. Максатыбыз – көзгө көрүнөрлүк сапаттуу, тарыхта кала турган мыкты тасма жаратуу. Ал эми бир миллион бир сом таза киреше түшсө, ошол бир сомду да Руслан экөөбүз тең бөлөбүз.
— Сиздер тарткан кинодо эпизоддук роль болсо да жаратып калуу азыркы жаш актёрлордун кыялы экен...
— Ооба, кайда барсаң “киного тартылгым келет” деген эле актёрлор туш болот. Бирок бизде эреже бар. Тууган-урук, дос-тааныштарды киного катыштырбайбыз. Бизге тааныбаган, бирок чыныгы кесипкөй актёр менен иштешкен артык.
— Сиз кино менен жүргөндө ишканаңызды ким жетектейт? Дегеле кандай жетекчисиз?
— Мен ишканага он ай келбей койсом деле ишим жүрүшө берет. Себеби туруктуу, ишенимдүү, мыкты адамдардан турган жамаатты түптөп койгом. Убагында катаал болгондурмун, азыр жумшак элемин. Бир алтынга алмашкыс эрежем бар. Кол алдымда иштеген адам бир жолу калп айттыбы, компанияга кандай көп киреше алып келбесин, ага карабай аны жумуш ордунан бошотом. Мен чынчылдыкты баалайм.
— Жаңы ишкерлик баштагандарга кандай кеңеш бересиз?
— Мен Бишкекке жаңы келгенде адамдардын ишин көрүп, кийген кийимине назар салып, “бул шаарда баары орун-очок алып калышкан тура, мага ырыстуу жумуш деле тийбейт окшойт” деп ойлогом. Көрсө, жакшы тилек менен аракет кылсаң, акыбети кайтат экен. Адам кайсы тармакка кызыкса, ошол багытта гана иш баштоосу керек. Тажрыйба топтоо үчүн ал тармакта кеминде беш жыл иштеш керек. Анан чакан ишканадан баштоо керек. Талыкпас мээнет, изденүүнүн аркасы менен гана ийгиликке жетүүгө болот.
— Чет мамлекетте жашаганга деле шартыңыз бар экен. Кетүү тууралуу ойлондуңуз беле?
— АКШга барып үч ай жашап көрдүм. Балдардын келечегине карап баргам. Бирок ал жакта балдарды бакчага, мектепке орноштуруу өтө оор. Батир акысы, жашоосу кымбат. Бир иш баштоонун азабын айтпай эле коёюн, жаза бассаң болгон каражатыңдан кол жууйсуң. Анан ойлонуп көрүп көнгөн мекениме эле кайтып келейин дедим. Андай жашоого азырынча даяр эмес экенмин.
— Балдарыңыз катардагы мектепте окуйбу же жеке мектептеби?
— Кызым алты жашта, уулум төрткө чыгат. Үчүнчү уулум бир жарым жашта. Мектеп, бала бакча тандоодо досум Руслан менен кеңештим. Ал: “Сенин бүгүнкү күндөгү ийгилигиң – убагында алган мыкты билимиң”,- деди. Чын эле убагында атам мени жакшы лицейге бербегенде кандай багытка кетмекмин, билбейм. Ойлонуп мен да баланын келечеги үчүн каражат аябоо керек деген бүтүмгө келдим. Учурда кызым англис тилдүү жеке мектепте окуйт.
Анара Дүйшөналиева
Булак: «Леди.kg»