Мыйзамды кыргыз бийлиги өзү сактабайт…

Мыйзамды кыргыз бийлиги өзү сактабайт…

Жакында эле коопсуздук кеңешинде Президент мыйзам бардыгына бирдей экендигин эскерткен. Иш жүзүндө кыргыз бийлигинде мыйзам сыйлаган адам жок.

Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын вице-президенти жана өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордун караган учурда депутат Мыктыбек Абдылдаев бул жолу да кыргыз бийлиги мыйзам бузуп жатканын баса белгиледи.

Коалициянын лидери Иса Өмүркүлов туура айтылган сынга какап-чакап жооп кайтарды. Мына ошол Мыктыбек Абдылдаев айткан коопсуздук кеңешинде чын эле отуздай мамлекеттик кызматкерге сөгүш берилген.

Иш жүзүндө керек болсо вице-премьер министрди кызматка дайындоо мыйзам бузуу менен коштолуп отурат.

Таң калыштуусу дагы бир вице-премьер министр Жениш Разаков тууралуу коомчулукта кызуу талкуу жүрүп, митинг болуп өтүп, коопсуздук кеңешине арыз түшүп, жарандык активисттер сотко кайрылып жатканы тууралуу Президент баш болуп үн каткан жерлери жок.

Биз бул маселеге кызыгып көрсөк, бир топ жагдайлардын башы чыкты. Ошондой эле коопсуздук кеңеши ишин карап жаткан Алымжан Козубаевдин Унаа мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине жиберген үн жазуусу колубузга келип түштү.

Демек, Коопсуздук кеңеши бир адамдын аркасынан түшүп алуу менен чектелбей маселени кылдат карашы керек болгон.

Деги эле мамлекетте кызматка коюу жана кызматтан алуу маселеси соодага айланып калганы жашыруун эмес. Мунун же тигинин адамы деген түшүнүк көптөн бери калыптанып, аймактардан бери адатка айланган. Бул тууралуу МКА-ТВ Жерүй тууралуу изилдеп чыкты. Төмөндөгү видеотасмадан толугу менен көрө аласыздар.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости