Түрмөнстандын мектептеринде мобилдик телефон колдонгон окуучулардын ата-энелерине айып пул салынууда. Бул тууралуу түркмөн маалымат булактары жазып чыгышты

Мобилдик телефон колдонгон окуучулардын ата-энелерине айып пул салынууда

Түрмөнстандын мектептеринде мобилдик телефон колдонгон окуучулардын ата-энелерине айып пул салынууда. Бул тууралуу түркмөн маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, акыркы жумада эле эки мектепте мобилдик телефон көтөргөн окуучуларды мектеп директорлору, полиция кызматкерлерине тапшырып беришкен.

Полиция бөлүмүнө телефон менен кармалган окуучулардын ата-энелери 100 манат (1950 сомдой) айып пул төлөшкөн. Муну менен катар, ата-энелер балдарынын мындан кийин телефон колдонбой турганы жөнүндө тилкат жазышканы айтылат маалыматта.

Эске салсак, Түркмөнстанда жыл башынан бери мектептерде мобилдик телефон колдонууга тыюу салган. Чектөө бир эле окуучуларга эмес мугалимдерге, медициналык мекемелердин кызматкерлерине да тиешелүү.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости