Мирзат, Айзуура: Үйүбүздө баарыбызды башкарган бир “шеф” бар

Мирзат, Айзуура: Үйүбүздө баарыбызды башкарган бир “шеф” бар

Диктор Мирзат Муканов менен алып баруучу Айзуура Иманалиеванын чамырак көтөргөндөрүнө үч жылдан ашыптыр. Учурда бактылуу түгөй бир уулду тарбиялап, үй-бүлөсүнө дагы бир наристенин кошулуусун күтүп жаткан чактары. Бири-бирин эркелетип сүйлөп, аярлап турган жубайлар маек төрүбүздө. Мирзат, Айзуура, экинчи наристеңиздерди күтүп жатыпсыздар.

Тун балаңыздар уул да, эми кыз каалайсыздарбы?

Айзуура: — Ар бир наристе өз ырыскысы менен келет дегенге кошулабыз. Балалуу болорубузду билгенде эле “аман-эсен көз жарып алсам экен” деп тиленгем. Экинчибиздин уул же кыз болору бизге маанилүү эмес. Башкысы, дени сак, өмүрлүү, бактылуу инсан болсун.

М: — Тун уулубуз жарыкка келгенде аябай толкунданып, “чын эле биз ата-эне болдукпу?” дегенбиз. Негизи, Кудайдан көп эле бала сурайбыз, көп балалуу болгубуз келет.

Уулуңуздар канча жашка чыгып калды? Кандай кылыктары менен сиздерди кубантып жаткан убагы?

А: -Тунубуздун аты Мырза, учурда эки жарым жашка келип калды. Күндөн-күнгө ар кандай кылыктары чыгып, аларга тойбой жаткан учурубуз. Аз-аздан тили, аны менен кошо кыялы чыгып, учурда баарыбызды башкарган бир “шеф” пайда болгон үйүбүздө.

М: — Ооба. Бир атактуу кол башчы жолдон келатып чарчап, бир үйгө токтоюн деп ойлонот. Кол алдындагыларына “үйдө менден башка хан болбошу керек” деген талап коёт. Анан жөнөкөй эле бир үйгө жайгаштырышса “бул үйдө менден бөлөк да хан бар турбайбы” деп кейиген экен. Көрсө, ал хан “үйүндө баласы болбосо, тынчыраак эс алсам…” деген ойду айткысы келген экен да. Анын сыңарындай, бала айтканын кылдыргысы келет. Ошондой болсо дагы туура багыт берүүгө аракет кылып жатабыз.

Кимиңиздер көбүрөөк баласаак экенсиздер?

М: — Биз өзүбүздү баласаакпыз деп эсептебейбиз. Уулубуз кичинекейинен баштап эле ата-эне, бир туугандарыбыз менен кала берчү. Жайында айлап чоң ата, чоң энесиникинде жүрүп келет.

Айзуура, жолдошуңузга «сиз» деп кайрылат экенсиз…

— Ооба, биз жаңы таанышканда бири-бирибизге ага-карындаштай мамиле жасачубуз. Ошого башында “Мирзат байке” деп кайрылчумун, кийин үйлөнгөндө “байкесин” таштап “Мирзат, сиз” деп калдым. Апам да “эгерде жолдошуңа сиз деп кайрылсаң, ал сени кичүү көрүп, аяп, жакшы мамиледе болосуңар” деп айтчу. Жолдошума да “сиз” дегеним жагат. Ошол боюнча “сиз” деп калгам.

Мирзат мырза, сиз башында белгилүү адамдарга күйөө бала болуудан кооптонгон жок белеңиз?

— Мен башында Айзууранын белгилүү адамдардын кызы экендигин билген эмесмин. Бир ай сүйлөшкөндөн кийин досум экөөбүз сүйлөшүп отурсак, ал: “Энесин көрүп кызын ал дейт, ата-энеси кандай экен?”- деп сурап калды. Ошондо гана Айзуурадан ата-энесинин сүрөтүн сурап жазгам. Келинчегим дагы кайнатам менен кайненемдин жаш кезиндеги сүрөтүн жибериптир. Анда деле тааныбай “жаш эле экен” десем, досум: “Элмирбек Иманалиев турбайбы”,- деп биринчи тааныган. Ошентип билгем.

Айзуура ата-энеңизге өздөрү каалагандай келин болуп бере алдыбы?

— Мен үйдүн кичүү баласымын да. Ошого башында ата-энемде “шаарда өскөн кызды алса кандай болор экен?” деген кооптонуу сезимдери болгон экен. Бирок биринчи таанышуудан кийин эле экөө тең “жакшы кыз экен, келин кылып алыш керек экен” дешкен. Азыр, Кудайга шүгүр, Айзуура ата-энеме жакшы келин. Кайнатасынын жакшы көргөн тамагын жасап берет, кайненесин салонго ээрчитип барып сулуулантып турат. Анда апам да кудуңдап сүйүнүп калат. Келинчегимдин ата-энеме, мага да жаккан жери, “келинмин” деп четте туруп калбай, өз ата-энесине кылгандай мамиле жасай берет. Мисалы, көлдүктөр сөзсүз жүгүнөт. Айзу болсо биринчи ата-энемди кучактап бетинен өөп учурашып, анан жүгүнүп коёт. Айзуура өз кызындай мамиле кылганы үчүн ата-энем да ошондой мамиледе. Менин жашоомдогу эң кымбат эки аялзатынын ынтымакта болгону мени абдан кубандырат.

Жубайыңызга үй жумуштарына кол кабыш кыласызбы? Кээ бир эркектер муну намыс көрүшөт го…

— Мен жубайыма жардам берип, үй оокаттарын кылып койгондон намыстанбайм. Намыстангандар туура эмес кылышат деп эсептейм. Мисалы, өзүмдүн ата-энем жетимишке баратышат, азыркыга чейин атам апама жардамдашып турат. Бул жакшы да. Бирок өзүм жубайыма укмуш жардам берем деп айта албайм. Колум тийбейт. Кээде үйдө болуп калган кезде бала карашып коём, болду.

Айзуура, сиз азыркы тапта бала багуу менен эле алексиз да, үйдө отуруп депрессияга кабылган жоксузбу?

А: — Депрессияга кабылбоо үчүн аялзаты өзү кызыккан нерсе менен алек болуусу керек экен, мен да өзүмдүн хоббимди таптым.

М: — Башында келинчегим отуруп алып эле бүжүрөп шуруларды тизип, бир нерселерди жасай бергени мага кызыктай көрүнчү. Көрсө, ошону менен стресстин баары чыгып кетет турбайбы.

А: — Үйдө отурган аял жолдошубуздун көңүл буруп туруусун талап кылат экенбиз. Жолдошум гүл, белектерди берип, эс алдырып турат. Ошогобу, үйдө отургандай деле болгон жокмун.

Айзуура, апаңыздын ишин улантарыңызды айттыңыз эле. Эженин эмгектери уланып жатабы?

А: — Буюрса, апакебиздин эмгектери, кылган иштери унутта калбасы үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз. Бардык нерсени бир жасап отуруп калган туура эмес. Алдыга жакшы ой-тилектерди койдук, аз-аздан ишке ашырабыз.

Апаңыздын эмнесин алып кала албаганыңызга өкүнөсүз?

— Жолдошум апамдын палоосун тамшанып жечү. Анан “апамдыкындай басканды үйрөнүп алсаң болчу экен” деп айтып калат. Албетте, бул эми кичинекей эле нерседир, бирок мен апамдан үйрөнө турган көп нерселер бар эле…

Азыр сиңдиңиз Сезим эмне менен алек? Жездеси экөө абдан ынак эле…

— Сиңдим азыр биз менен жашайт. Туура айтасыз, сиңдим менен жолдошумдун ортосундагы мамиле жезде менен балдыздай эмес, бир тууган ага-карындаштай. Экөө кучакташып алып сыналгы көрүп, сырдашып отура беришет. Жолдошумду “Мирзат байке” дейт да, анан жолдошум “Айзуураны жеңе дебейсиңби?” деп тамашалай берет. Сезим КУУнун юридика факультетинин магистратура бөлүмүндө окуусун улантып жатат.

Булак: Lady.kg

Назар Новости