Мирбек Атабековдун АКШдагы жубайы көз жарды

Мирбек Атабековдун АКШдагы жубайы көз жарды

Ырчы Мирбек Атабековдун жубайы АКШдагы төрөтканалардын биринде бүгүн, 26-февраль күнү көз жарды. Бул тууралуу ырчы Инстарам баракчасына жазып чыкты.

“Аллага миң мертеден шүгүр! Достор сүйүнчү, азыр эле дагы бир кыздуу болдум! Мээрим сага рахмат, абдан жакшы иш жасадын, азаматсын! Кызымдын ысымын, Алла Тааланын сүйүктүү пенделеринен болсун деп, «Сүйүү» деп атадык! Баардык үй бүлөдө ар дайым сүйү болсун жана Кыргыздын саны көбөйө берсин!”-деп жазып чыкты ырчы.

Эске салсак, Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлепберген 2015-жылы Адам деген уулду болушкан. 2018-жылдын апрель айында жубайлар кыздуу болушуп, ага Ыйман деген ысым коюшкан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости