Министр Жаманкулов Россияда эки жүздөн ашык ырчы менен концерт коёт

Министр Жаманкулов Россияда эки жүздөн ашык ырчы менен концерт коёт

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен Москвага учар алдында жолугуп, учкай кепке тарттым. Өзүңүздөр билгендей, быйылкы жыл маданият чордонунда Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын эриш-аркак же канатташ жылы (!) катары белгиленди.

— Азамат мырза, Москвадан кеп салчы?..

— 27-февралда кечки саат жетиде Кремль сарайында канатташ жылдын ачылышын жасайбыз. Албетте, эки өлкөнүн президенттеринин катышуусу менен. Абдан чоң концерт болот. Биздин мекендештер келет. Бул жактан эки жүздөн ашык адам концерт бергени баратат.

— Кайсы ырчылар, кайсы топтор?

— “Камбаркан”, “Акак” комузчулар тобу, Бакыт Тилегенов баш болгон Бишкек мэриясына караштуу эл аспаптар оркестри, “Ак марал” бийчилер тобу жана филармониянын, опера-балет театрынын солисттери ж.б. Дирижер Рахатбек Осмоналиев барып, Россиянын симфониялык оркестрине дирижерлук кылат.

— Дагы кандай маданий иш-чаралар болмокчу?

— Президенттин өзүнүн расмий сапары болгондон кийин президенттерден тышкары премьер-министрлердин да жолугушуусу өтөт. Ачылыштан кийин 221 пункттан турган долбоорлорго кол коюу жагы каралууда. Эгер кол коюлуп калса, 2020-жылы бул долбоорлор иш жүзүнө аша баштайт.

— Ачылыш аземге даярдыктар кандай?

— Жаман эмес, убакыт бир аз тар болгонсуп калды. Ошентсе да колдон келген аракеттерди жасайбыз.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: «АЗИЯnews»

Назар Новости