Маданият министрлиги жаш калемгерлерге сынак жарыялады

Маданият министрлиги жаш калемгерлерге сынак жарыялады

Маданият министрлиги тарабынан Элдик Апрель Революциясынын 10 жылдыгына карата жаштар арасында поэзия сынагы жарыяланды. Бул тууралуу аталган минстрлииктин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка таянсак, сынак «Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң айлансын чагылганга» деп аталат.

Сынактын жобосуна ылайык, Апрель революциясына байланышкан кайгылуу окуяларды эскерүү, замандын курч көйгөйлөрүн, каармандардын турмушун чагылдырган жаңы чыгармаларды жаратуу болуп саналат.

Сынактын милдеттери:

— Улуттук адабияттын поэзия жанрын өнүктүрүү жана жаңы ысымдардын пайда болушуна шарт түзүү;

— Поэтикалык чыгармалар өз мекенин сүйгөн, эли үчүн жанын аябаган, кыргыздын чыгаан эр азаматтарынын патриоттуулугун көрсөтө билген мазмунда жазылышы керек.

Негизги талаптар жана критерийлер:

— Сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы жазууга дилгир болгон калемгерлер патриоттук ырлары менен катыша алышат.

— Поэтикалык чыгарманын көлөмү 12 саптан кем болбоого тийиш, Апрель революциясына байланышкан окуяларды камтуу зарыл.

— Көркөм ырлардын идеясында революция мезгилинен тартып бүгүнкү күнгө чейинки апрель революциясына катышкан каармандардын турмушу, курман болгон каармандарынын артында калган үй-бүлөлөрүнүн турмушундагы көрүнүштөр, жанган үмүт, коомдук кырдаалды сезе билүү, мезгилдин күрөө тамырын кармай билүү, атуулдук сезимде, мекенди сүйүүгө болгон далалат жана коомдук процесстерди көркөм чагылдырып көрсөтүү зарыл.

Сынактын байгелери:

Баш байге — 60 000 сом

Биринчи орун — 50 000 сом

Экинчи орун — 40 000 сом

Үчүнчү орун — 30 000 сом.

Сынактын тартиби:

— мурда жазылган, сынактарга катышкан ырлар кабыл алынбайт.

— бир эле автор бир нече ырлары менен катыша алат.

— ырлар мамлекеттик же расмий тилде кабыл алынат.

Сынакка жиберилген поэтикалык чыгармалар А4 форматында,14 өлчөмдөгү TimesNewRoman шрифти менен, саптарынын ортосу бир интервалда, барактын чекеси: үстүнөн жана астынан 2 см., сол тарабынан 3 см., оң тарабынан 1,5 см. калтырылып жазылышы керек.

Автордун аты, жашаган дареги жана байланыш маалыматтары толук көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбордун ncc07@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүлөт.

Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78. Байланыш тел. +996 (312) 661947, 660424. 0771 323 979

Кабыл алуу мөөнөтү: 2020-жылдын 14-февраль күнү саат 18:00 гө чейин.

Жеңип чыккан чыгармалар авторлордун көркөм окуусунда мамлекеттик телерадиолордон жана массалык каражаттары тарабынан тасмага түшүрүлүп алынып, телеканалдардан көрсөтүлүп турат.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости