Кызыктарга бай “Кошунаны тандабайт” сериалы. Сериал тууралуу анын жаратуучулары айтып беришти

Кызыктарга бай “Кошунаны тандабайт” сериалы. Сериал тууралуу анын жаратуучулары айтып беришти

Кызыктарга бай “Кошунаны тандабайт” сериалы Эл күтүп көргөн тасмалардын катарына үч үй-бүлөдөн турган “Кошунаны тандабайт” сериалы кошулду. Ар бир сериясы көптөгөн көрүүлөрдү топтогон сериал бир канча кызыктар менен тартылган. Сериал тууралуу анын жаратуучулары айтып беришти.

Радик Эшимов, сериалдын режиссёру: “Ар бир эпизоддун үстүнөн өтө кылдат иштеп жатабыз”

— Мен буга чейин “Ванчопа” тасмасына, “Балапан” балдар журналына жана “Эл эмне дейт?” долбооруна режиссёр болгом. Ал эми сериал тартууну көптөн бери кыялданып жүргөм. Дал ушундай кошуналар тууралуу сериал тартууну мага КВНчи Ростислав Ященко сунуштаган. Эмгегибизди “Кошунаны тандабайт” деп атаганыбыздын себеби, биз каалаган районубуздан үй же батир сатып алышыбыз мүмкүн, бирок кошунанын кандай экендигин алдын ала билип, аны тандай албайбыз. Тасма эки сезондон, алардын ар бири 12 сериядан турат. Анын баарын эки айдан ашык убакытта тартып бүттүк. Кымбат баалуу, алдыңкы техникалар менен сапаттуу кылып тартууга аракет кылдык. Ошого жараша ар бир эпизоддун үстүнөн өтө кылдаттык менен иштеп жатабыз. Жаңы сериясын эки жумада чыгарып жатканыбыздын себеби ошол. Экинчи сезондо бат-баттан кетип турат деп убада берип кетем.

Тасмадагы ролуңузду ачуу эмнеси менен кыйын болду?

Бектур Усенов, Адилеттин ролунда: “Мени тандаганына өкүнүп калган жокпу деген ой келди“

— Режиссёр мени бул ролго ылайык көрүп өзү чалып чакырган. Барсам бир текстти окутуп көрүп эле “жарайсың” деди. Сахнада сегиз жыл КВН ойногом, андан сырткары сценарий жазуу иштери менен да алектенип жүргөм. Бирок тасма менен сахнанын айырмасы бар экен. Тартуу иштери жаңыдан башталганда бир эле эпизодду 7-8 дубль менен тартып жатканбыз. Мындан улам “мени тандап алып өкүнүп калган жокпу? Досу болгонум үчүн айткандан уялып жатабы?” деген күмөн ойлор келген. Кийинчерээк баары ордуна түшүп кетти. Бир жолу Толгонай экөөбүз керебетте уктап жаткан эпизодду тартарда катуу сыркоолоп, өзүмдү алсыз сезип баргам. Ошондо жаткан жеримден уктап калыптырмын. Турсам тартуучу топ тартып бүтүп кетип калышыптыр. Ушул сыяктуу майда кыйынчылыктарды эске албаганда баары жакшы болду. Тасма кандай кызыктуу окуялар менен коштолду?

Актан Рыскелдиев, Жоманын ролунда: “Назира менден кош бойлуу болуп…”

— Негизи, тартуу учурунда ар бир күн кызыктуу окуя менен коштолот. Ошолордун бирин айтсам, Назира өзүнүн кош бойлуу кезин эстеген кадрлар бар. Ошондогу Назира экөөбүздүн сүрөтүбүздү инстаграмдагы баракчама “ушундай окуя болуп кетти” деп тамашалап чыгарып койгом. Аны социалдык тармактардагы “жёлтая пресса” “Назиранын Актандан боюна бүтүп калыптыр” деп чыгарып, бир жумадай ызы-чуу болгон. Кийин түшүнгөндөр түшүнүп, билбегендер ошентип эле ойлоп калышкан.

Сериалдын өзүңүз таасирленген жери кайсыл болду?

Назира Айтбекова, Жаркынайдын ролунда: “Үйгө барып алып буркурап ыйлагам”

— Тасмадагы ролум жолдошун сыйлап, өзү канча кыйын болсо дагы жолдошун алдыга түрткөн жагы менен мага окшош. Жолдошунун көзүнө сулуу көрүнгүсү келип гардеробундагы чоюлган, эски кийимдерин кийип көргөн бир эпизод бар. Ошону тартып бүткөндөн кийин үйгө барып алып шолоктоп ыйлагам. Чынында, күйөөсүнө сулуу көрүнүүнү каалаган, а бирок чөнтөгү жука же шкафында бир жарытарлык көйнөгү жок сыяктуу көрүнүштөр кыргыз аялдарында көп.

Эң көп дубль менен тартылган эпизод кайсы болду?

Толгонай Арзыкеева, Мээримдин ролунда: “11 дубль менен тартылган кадрыбыз сериалга кирбей калыптыр”

— Тасмадагы жолдошум Адилет экөөбүздүн жөнөкөй эле диалогубуз 11 дубль менен тартылган. Бир нерсени эстеп алып улам күлүп жатып ошончого жеткиргенбиз. Аягында бизге тыныгуу берип, эмоциябыздын баарын чыгарып келип тартылганбыз. Эң эле кызыгы, ошончо тартылып туруп жараткан эпизодубуз кыркылып кетиптир.

Кыз жандуу адамдын ролун ойноо ыңгайсыздык жараткан жокпу?

Эрмек Таалайбеков, Абайдын ролунда: “Роль мага эмес, келинчегиме ыңгайсыздык жаратты”

— Биз – актёрлор ар кандай вайн, ролик, тасмаларга тартылабыз да, андыктан мындай образ мага көп деле ыңгайсыздык жараткан жок. Бул жерде ыңгайсыздык менин жубайымда болду окшойт. Сериал жаңы чыкканда жубайымдын социалдык баракчасына “жолдошуңуз ушундай образды жаратып жатат, кандай көз караштасыз?” деген каттар келип жатты. Ошого өзү да көнө албай жаман болуп жүрдү. Азыр болсо көңүл бурбай калды. Сериалга тартылууңузга жолдошуңуз кандай көз карашта?

Айжан Аденова, Диананын ролунда: “ Жолдошум кимге үйлөнгөнүн билет да”

— Жолдошум бул образымды жакшы кабыл алды, кызганбайт. Негизи эле жолдошумдун менин жумушума көз карашы түз, үйлөнүп жатканда эле кимге үйлөнүп жатканын билген да. Мен кайын журтум менен чогуу жашайм, алар да колдоп турушат. Бул үчүн аларга ыраазымын. Ал эми образ өзүмө абдан жакты. Бир карасаң акылсыз айымдай, а негизинде турмушту терең түшүнгөн образды чагылдырат. Муну акыркы серияларынан көрө аласыздар.

Булак: Леди.кж

Назар Новости