Кытайда куш тумоосу жайылып жаткандыгы кабарланды

Кытайда куш тумоосу жайылып жаткандыгы кабарланды

Кытайда куш тумоосу канаттуулар арасында жайылып жаткандыгы кабарланды. Бирок, оорунун кишиге жуккан учуру каттала элек. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Кытайдын Сычуань провинциясындагы фирмалардын биринде 2497 үй канаттууларынын 1840ы вирустан улам кырылып калгандыгы кабарланды.

Бул вирус H5N6 деп аталган куш тумоосу экени аныкталып, бирок анын кишиге жуккан учуру азырынча каттала элек.

Эпидемиядан кийин жергиликтүү бийлик оорунун таралып кетишин алдын алуу максатында зарыл чараларды көрүп, 2,26 миңден ашуун үй канаттуусу жок кылынган.

Эске салсак, буга чейин коронавирус чыккан Хунань провинциясында куш тумоосунун жогорку патогендүү H5N1 түрү аныкталган. Жергиликтүү бийлик илдетти жайылтпоо максатында 17,8 миң үй канаттуусун жок кылган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости