Кичине балдар коронавируска көп кабыла бербейт

Кичине балдар коронавируска көп кабыла бербейт

Кытайда чыккан коронавирустун жаңы түрүнүн эпидемиологиялык мүнөздөмөсү анализделип, ооругандардын арасында балдар дээрлик жок экендиги аныкталды. Бул тууралуу РИА новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кытайлык окумуштуулар Уханда коронавирустун 2019-nCoV түрү менен жабыркаган биринчи 425 бейтап тууралуу маалымат топтошкон. Алар илдеттин пайда болушу, жугушу, формаларын изилдешкен. Топтолгон маалыматтар борбордук базага киргизилип, атайын программанын жардамы менен иштелип чыккан.

Бейтаптардын 95 пайызында оорунун белгилери 12 күндөн кийин пайда болгон. Ал эми орточо инкубациялык убакыт 5,2 күндү түзгөн. Алгачкы баскычтарда илдетке кабылгандардын саны тездик менен өсүп, андан кийин жайлап баштаган.

Адистердин айтымында, бул дартка балдар азыраак чалдыгат дегенди билдирет же аларда симптомдор чоңдорго салыштырмалуу жеңил түрдө болот. Учурда илдетке кабылгандардын орточо курагы 59 жаш. Алардын 56 пайызы эркектер болуп саналат. Уханда оорулуулардын арасында 15 жашка чейинки бир да бала болгон эмес

2019-жылдын декабрь айында пайда болгон коронавирус 500дөн ашык кишинин өмүрүн алып, андан жабыркагандардын саны 24 миңге жетти. Балдар илдетке кабылган учур сейрек кездешет. Алсак, Пекинде тогуз айлык кыз, Шэньчжэн менен Германияда бирден наристе жана Уханда жаңы төрөлгөн ымыркай ооруган. Себеби алардын ата-энеси вирусту жуктуруп алган.

Натыйжада окумуштуулар бул илдетке чоң кишилер көбүрөөк чалдыгат деген пикирге келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости