Индияда үйлөрдүн биринен суунун ордуна спирт акты

Индияда үйлөрдүн биринен суунун ордуна спирт акты

Индиянын Триссур шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен таза суунун ордуна ликер менен суунун аралашмасы ага баштаган. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, биринчи үйдө алкоголдун жыты туруп андан кийин суу чыгуучу түтүктөрдөн ага баштаган. Он сегиз үй-бүлө өкмөткө таза суу жоктугун жана жуунуга мүмкүн болбой жатканын айтып даттанышкан.

«Алты жыл мурун ал курулуштун жанында эс алуучу жай болгон. Кийин жабылып бардык спирт ичимдиктери конфискацияланган. Өткөн жумада жок кылууга уруксат алган кызматкерлер баарын эс алуучу жайдын жанына көмүп салышкан. Жыйынтыгында 6 миң литр алкоголь суу менен камсыз кылуучу өтмөктөргө кирип, суу менен аралашып, элдерге тарай баштаган», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда өкмөт жабыркагандарга таза суу жеткизип, түтүкчөлөрдү тазалап башташты.

NazarNews.kg

Назар Новости