Элеттик акын Кубатбек Ашырбаев: Айдаганың БМВ, же сенин кайын-журтуӊ кыйынбы?

Элеттик акын Кубатбек Ашырбаев: Айдаганың БМВ, же сенин кайын-журтуӊ кыйынбы?

Элеттик акын

Кубат байке тубаса талант эле

Эл деген көпчүлүк. Андан акылман да, акмак да, тентек да, жөнтөк да чыгат. Анан ошол элдин арасында табигый таланттар жаралат экен. Нарын районунун Таш-Башат айылынын тургуну Кубатбек Ашырбаев оозунан ыр куюлуп турган тубаса талант эле. Өзү этибар албай, ырларынын көбү жазылбай калды. Анын кай бир айткандары автору белгисиз боюнча “элдик” болуп жайылып, калк арасына сиңип кеткен. Өзү болсо мындан бир нече жыл мурда кырсыктап, 47 жаш курагында каза болду.

Кубат байке обондуу үч-төрт ыр жазган. Анын бири “Нарыным” эл арасында ырдалып жүргөн менен, элге таанымал ырчылар ырдай элек. Обону да оригиналдуу, сөзү да маанилүү. Аны ырчылар ырдап, көркүн ачса жакшы болор эле.

Анын тамашалуу ырлары да эл арасында кеңири тарап кеткен маселен,

Айдаганың БМВ

Кайдан таптың тыйынды,

Издеп эле жүрчү элең,

Сенин кайын журтуң кыйынбы? же

Басканын кара, пингивин,

Ичкенби түбүн жиндинин,

Уялбай кантип жүрүшөт булар,

Көргөзүп алып киндигин,-деген ырлары.

Бир жолу айылга барып, аны менен дасторкон үстүндө маектешип калдык эле, диктофондо сакталып калыптыр. Угуп олтурсам, ар бир суроомо ыр кошуп жооп бериптир. Ошол маекти кагазга түшүрдүм. Бул маекти анын жаркын элесине арнайм.

—Кубат байке, балалыгыңызды эскерип көрбөйлүбү?..

—Балалыгам баардык балдардыкындай өттү десем, калп айткан болом го. Атам математик, энем үй кожойкеси болчу. Энем 43 жашында каза болуп калды. Мен анда 9 жашта элем. Азапты көп тарттым. Себеби, улуулар чоңоюп кетишкен эле. Үйдө менден кичүү иним Кадырбек ыйлай бергени эсимде. Аны менен кошо мен да ыйлайм. Камыр жууруп, нан салам, үй оокат жасайм. Ага- ини жөөжүрөгөн бала элек,күчкө толуп бир да тыйын таба элек.

Эх апаке, кыска беле өмүрүң,

Сени ойлосом, чөгөт менин көңүлүм.

Көңүл чөксө айла канча турмушка

Тагдырыңа жазганыңды көрөсүң.

Мен ал кезде ойноок бала курагым

Билбептирмин апамдын көз жумарын,

Жаркын элес түбөлүккө сакталаар,

Сен көз жумган 43 жашта убагың.

Көрбөй кеттиң ак эмгектин үзүрүн,

Көрбөй кеттиң тиккен бактын бүчүрүн.

Тагдырына таарынгансып көрүнөт,

Там боорунда илинген сенин сүрөтүң. Чындыгында, өмүр деген өтө кыска тура.

Өмүр кыска, өйдөсүнбө бирөөгө,

Өзгөлөрдү өздөй көрүп жашайлы.

Жалган дүйнө ай, жаманың көп араңда,

Жакшыларың жанда жүрбөй азайды.

—Канча жашыңыздан ыр жаза баштадыңыз эле?

—Бешинчи класста окуп жүргөндөн баштап ыр жазгам. Үчүнчү класста филармонияда комуз ойногом. Мектепти аяктап, Свердловскийде аскер кызматын өтөдүм. Ошол жактан тамеки чеккенди, мушташканды үйрөндүм.

—Аскерде жүрүп кыздарга ыр түрүндө кат жазсаңыз керек?

—Сен бир булак шаркыраган аскадан,

Мен бир жигит чөлдө жүргөн, чаңкаган.

Көп издедим, издеп жүрүп таппадым,

Сеникиндей көздөрдү бир башкадан.

Ашыгым ай, абалымды түшүнчү,

Көп кыздардан бир өзүңдү тандагам.

Куса болдум, ойлор келет кайдагы,

Мен окшодум тоңгон музга сайдагы.

Күнүм болуп ошол музду ээритчи,

Гүл болоюн бажырайган жайдагы.

—Сиздин эже-агаларыңыз билимдүү эмеспи, аскерден келгенден кийин деле билимиңизди жогорулатайын деп ойлонгон жоксузбу?

—Келип айылда үй тирилиги менен убактым өттү. Окуганда эмне, 5 жыл окугандарда меникиндей маалымат жок экен. Маселен, тарых сабагынан берген агайдан дүйнөдөгү жети керемет тууралуу сурасам, билбей койду.

—Ырларды жазып жүргөн дептериңиз барбы?

—Ручка жок, дептер жок,

Көңүлдөн чыккан кептер жок.

Куржундун оозу ачылып,

Ар кайда калды чачылып.

—Ырларды жазбасаңыз, кантип эстеп каласыз?

—Компьютер бар да. (башын көрсөтүп койду).

—Кайсы акындын ырларын окуйсуз?

—Мен Алыкулдун, Байдылданын ырларын окуйм. Кадыралы Артыковдун ырлары жагат. Элмирбекти баалайм, төрт тарабы төп келишкен талант. Комузчу, ырчы, акын.

—Силердин тукумуңарда акындар барбы?

—Менин таякелерим акын. Эсенкул Ибраев менин чоң таякем болот.

Учур кез кетер, убакыт өтөөр,

Өмүрүң учуп шамалда.

Учуруп ийбе, учурду келген,

Уткузуп утуш ала албай.

—Бул ырдын саптары “У” тамгадан башталат экен го.

—“Ч”дан баштайынбы,

Чычала болуп күйсөң да,

Чын сүйүү кимде кезигет.

Чындыгы барын жашоонун,

Чыгарбай жүрчү эсиңден.

Үмүт кылып үзүктүн тешигинен,

Үлгүрөгөн бир акын таңды күзөт.

Үшүсө да колдорун үйлөп коюп,

Үмүтүмө жетсем деп күтүнүшөт.

Жалпы үй демек,

Жалпы үй дагы эң керек.

Жалгыз тоокко жашаш үчүн жем керек.

Жалпылык деп жайып салбай баарысын,

Жалпы үйдөн да жайгашууга жер керек.

—Акыркы кездерде кандай маанидеги ырларды жазып жатасыз?

—Акыркы кезде ыр жазбай калдым. Тагдырга таарындым.

Турмуш татаал, эгер кимдер түшүнсө,

Ар адамдын ар кыл экен тагдыры.

Максат коюп чындап аны бүтүрсө,

Ошол адам өмүр бою бактылуу.

Билбейм, билбейм, түшүнсөм да түшүнбөйм,

Кырсык деген келет тура күтүлбөй.

Жүргөнүмөн кейийм дагы, жек көрөм,

Жасар ишти убагында бүтүрбөйм.

—Үй-бүлөңүз барбы, азыр?

—Бойдокко боло берет,

Ар кайда коно берет.

Иштебей жүрсө деле,

Курсагы тоё берет.

Уулум апам менен элдеш деп жатат. Мейли деп жатам. 12 жыл болуптур, бой жүргөнүмө. Жаш кезде куюшкан кыйшыйган жаман экен.

—Ырды кандай учурда жазасыз?

—Жүрөгүм кыйналганда жазам. Ыр жазганда эс алып калам. Көп ырларым унутулуп калды. Мен арак ичпегенде ырды жакшы жазып, жакшы окуйм. Арак ичкенде жазылган ырларым өзүмө жакпайт. Бирок, кызып калганда көп жазам.

Кээ күнү алыс сапар сызгым келет,

Шаңшыган бүркүт сымал ак тоодогу.

Кээ күнү чылбыр үзүп кетким келет,

Ээликкен күлүк сымал таптоодогу.

Көрүүгө көңүл көксөп бир келемин,

Көктөмдө түнөп калган жөө туманын.

Көксөөнүн кишенинде туткундалып,

Келермин көксөөсүндө коп кусанын.

Сароору саргайтканда бир келемин,

Аскага кайрылганда кайрат айтчу.

Сыдырым соккон желиң бетти аймалап,

Тымызын көзөмөлдөп кайра кайтчу.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА

“Нарыным”

Кубатбек Ашырбаев.

(Обондуу ыр)

Чынында Нарынымдын тоосу бийик,

Тоосунда маралы бар,жайнайт кийик.

Окшошуп калпак кийген кыргыздарга,

Карачы чокулары мөңгү кийип.

Туулуп өскөн Нарыным,

Тешкенсийт тоонун жарыгын.

Шаркырап аккан үнүңдү,

Шаарда жүрүп сагындым.

Күркүрөп ачууң келсе үдөө бербей,

Чатырдай таштарды сен агызасың.

Шашпачы, Ысык-Көлдөй тура турчу,

Нарыным, кайда шашып баратасың.

Аркарын уулап байкагам,

Алтының далай чайкагам.

Элесиң кетпей эсимден,,

Эңсеген сайын чаңкагам.

Нарыным далай жолду баскан бойдон,

Келесиң капчыгайда шашкан бойдон.

Кошулуп Эки Нарын куюшуна,

Кетесиң кол кармашып качкан бойдон.

Туулуп өскөн Нарыным,

Суусунун кара шарынын.

Кыргыздар эмес, чет элге,

Берилип жатат жарыгың.

Эс алгынТоктогулда, Курп-Сайда,

Оңойбу Арал деңиз алыс жайда.

Жолдогу каналдарга бурулсаң да,

Жете көр эптеп-септеп сен Аралга.

Мааниси ушу жарыянын,

Өмүрү ошол карыянын.

Күркүрөп аккан Нарыным,

Атасы Сыр дарыянын.

Булак: «Багыт.kg»

Назар Новости