Дүйнөдөгү эң ири аудиогиддердин тейлемесинде Михаил Фрунзе атындагы үй-музей боюнча тур пайда болот

Дүйнөдөгү эң ири аудиогиддердин тейлемесинде Михаил Фрунзе атындагы үй-музей боюнча тур пайда болот

Шаарлар жана музейлер боюнча дүйнөдөгү эң ири аудиогиддердин izi.travel тейлемесинде Михаил Фрунзе атындагы үй-музей боюнча тур пайда болот. Бул тууралуу Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу мааламат берди.

Жакынкы аралыкта музейдин экспонаттарын санариптештирүү жүргүзүлөт.

Эске сала кетсек, Фрунзенин үй-музейи тууралуу аудио жана тексттик маалымат аталган платформада азыр деле бар. Гид революционердин өмүрү жана жетишкендиктери туурасында айтып берет.

Ал эми izi.travel тейлемеси туристтерге абдан пайдалуу. Тиркеменин жардамы менен дүйнө шаарларынын, анын ичинде Бишкектин дагы тарыхы жана ажайып кооз жерлери жөнүндө билүүгө болот.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости