Динара Тилекеева, ырчы: "Алдыга жылгың келсе, өзүңдөн мыктылардан үлгү алышың керек"

Динара Тилекеева, ырчы:

Кыргыз эли талантка бай. Көңүл кылдарын чертип, жүрөккө жеткен ырларды аткаргандардын арасында Динара Тилекеева деген айым бар. Анын «Апам менен атама», «Жагасың», «Эркем», казак ырчысы Роза Алкожоева менен биргеликте аткарган «Казагым, Кыргызым» деген чыгармалары өз күйөрмандарын чогултуп келет. Эмесе Динара айым менен жакындан таанышсак.

—Динара айым, чыгармачылыкка аралашканыңызга канча болду?

—Мен 2005-жылдан тарта чыгармачылыкка аралаша баштагам. Ал кезде «Зор тамаша» аталышындагы куудулдар театры бар болчу, Рахматулла Козукеев жетектеген. Башында башка бирөөлөргө тиешелүү даяр ырлардын минусовкасы менен аз-аздан ырдачумун. Көбүнчө сатирага басым жасалчу. Раматылык Упакан Бекеева деген күчтүү куудул, артист айым бар эле. Ошол эженин ролдорун аткарып калчумун. Ошентип ойноп жүрүп, ырчылыкка ыктай баштадым. Бир-эки жылдан соң Жалал-Абаддагы «Достук» тобуна келдим. Ал топто тажрыйба топтоп, тарбия алдым. Анан бир тойдо ырдап жатканымды Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Шахра Талипова эжекебиз байкап калыптыр. Шахра Талипова филармонияга келип иштөөнү сунуштап калды. Мен үчүн филармонияда иштөө өтө олуттуу көрүнчү, өзүмдү татыксыз болсом керек деген оюмду айтсам, баары эле ушинтип келип иштейт, сен жакшы ырдайт экенсиң, үнүң да, жүзүң да сахнага ылайыктуу деп мага дем берген. Ал кезде филармониянын башчысы Дүйшөн Молдобаев агайыбыз жетектечү экен. Бул кыз жакшы ырдайт экен деп мени ага тааныштырып, ошентип жумушка кабыл алышты. Ошондо кубанычым чексиз болгон, катуу сүйүнгөм. Кесиптештердин жана устаттарыбыздын колдоосу менен иштеп келе жатам. Борбордо чоң сахнага мага багыт берип, жол көрсөткөн устаттарымдын бири Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Алтынай Нарбаеванын орду мен үчүн өтө бийик. Концерт коюшуң керек деп мага жол көрсөтүп жүрүп, эженин арты менен алгач тушоо кесүү концертимди берсем, кийин жыл сайын жеке концерттеримди берип келе жатам. Устаттарым менен сыймыктанам. Алардын койгон талаптары менен чоң бийиктиктерге жеттим. 2010-жылы алгачкы тушоо кесүү концертимди койгом. Башында өтө коркком. Уюштуруу иштери ортолоп калганда концертимди бербей эле койсомбу деп да ойлонгон учурлар болгон. Бирок концерт жакшы деңгээлде өткөн. Азыр эстесем, ошол кезде өтө жүрөктүү болгон экенмин.

—Аткарган чыгармаларыңызды кандайча тандайсыз?

—Жогоруда айткандай, «Достук» тобунун жетекчиси Мухтар Кырбашев агай «ыр тандаганда кулак ырларын эмес, жүрөк ырларын тандагыла, кулак ырлары бир угуп эле калып кетет» деп ар дайым айтчу. Ошол кулагыбызга сиңип калса керек. Ырдын сөздөрүнө өтө маани берем. Ар койгон концертимди, ырлар жыйнактарын диск кылып чыгарып келе жатам. Жалпы жонунан онго жакын клиптерим болсо, МПЗ вариантында 200гө чукул ырларым бар.

—Кыргыз шоу-бизнеси тууралуу оюңуз кандай, аралашып жүргөндөр арасында атаандашуу күчтүү дешет?

—Бир гана шоу-бизнесте эмес, бардык эле жумушта атаандашуу бар. Анткени «иштеген тиштейт» деген сөз бар. Ким аракет кылса, ал алдыга жылат. Ийгилиги көп болот. Анан атаандашуу десе эле урушуп, чачташып жатып калбаш керек. Өзүңдү алдыга жылдыргың келсе, өзүңдөн мыктылардан үлгү алышың керек. Атаандашууну жумуш менен көрсөтүү керек деп ойлойм.

—Музыкалык билимиңиз барбы?

—Жок, музыкалык билимим жок. Бирок жогорку билимдүүмүн, Ош технологиялык университетинин байланыш бөлүмүн бүтүргөм.

—Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

—Үй-бүлөм тууралуу айта кетсем, биз 5 бир тууганбыз. Улуусу агам, мен, менден кийин эки иним жана бир сиңдим бар. Сиңдиме чейинки иним үйлөнбөй жүргөн. Эми ошол иним жакында бизди келиндүү кылганы турат. Буюрса жакында той. Калгандары үйлүү-жайлуу болуп кетишкен.

—Алдыда кандай ой-максаттар бар?

—Жакында сөзүн да, обонун да жактырып тандап, жаңы ыр аткардым эле, сөзү Нуркыз Рыскулова, обону Баян Акматов деген жигитке таандык. Мына ушундай жаш таланттардын эмгегинин аркасында жаралган апа жөнүндөгү «Бир гана апам мени чанып кетпейт» деп жүрөктөн чыккан саптары бар чыгарма жаралды. Чоңоюп калганыма карабай, апамды сагынгандыктан ыйлап аткардым. Ошол ырга жыл башында клип да тарттык. Учурда ошол клипти күтүп жатам. Анан дагы бир чыгарма, кытайлык кыргыздардын «Мен кыргыздын кызымын» деген ырынын үстүндө иштеп жатам. Буюрса жыл соңунда жеке отчеттук концертимди берсем деген планым бар.

—Жаңы жылды кандай тостуңуздар?

—Жыл сайын жаңы жылды үй-бүлөбүз менен тосуп келсем, быйыл жалгыз болбой түгөйүм менен тостум. Жакындарыбызды кыдырып куттуктап, ата-энебиздин көңүлүн алдык. Буюрса, кийинки жылдарда көп болуп көбөйүшүп тосолу деп тилек айттык. Бизге окшоп ниет кылгандардын тилеги кабыл болсун, үйүбүз балага толсун, жакшылыктар болсун.

Назгүл Исакова

Булак: “De-facto”

Назар Новости