Бийчи Наргиза Момунтаева: “Балдарым турмушка чыгууга көндүрүштү”

Бийчи Наргиза Момунтаева: “Балдарым турмушка чыгууга көндүрүштү”

Бала чагынан бери бий дүйнөсүнө аралашкан Наргиза учурда жаш балдардан тартып бой жеткен улан-кыздарга бий үйрөтүп келет. Өз ишин сүйгөн, ага болгон дитин арнаган маектешим жакында жакшы жаңылыгы менен күйөрмандарын кубантты. Кыргызда “Кыздын чырагы кырк” дешет. Бак айтса бапестеп ала турган адам табылары талашсыз.
— Наргиза айым, куш бооңуз бек болсун! Жаңы турмушуңуз кандай башталды?

— Чоң рахмат! Буюрса, келиндик кызматка кириштим. Ата-энебиз Чолпон-Ата шаарында турушат. Мени кыргыздын салты менен декабрь айында колдон алып кетишти. Заманбап тоюбуз Чолпон-Ата шаарында болду. Бир аз убакыт ал жакта болуп, жумушубузга байланыштуу кайра шаарга келдик. Бирок Көлгө бат-бат барып турабыз.
— Жолдошуңуз менен кандай шартта таанышып калдыңыз?
— Биринчи инстаграм баракчасынан тааныштык. Буга чейин “түгөйүмдү интернеттен таптым” дегендерге “кантип эле табышып алышат?” деп таң калчумун. Өзүмдүн башыма келгенде түшүнүп жатам бул нерсени. Ал менин сүрөттөрүмдү, видеолорумду көрүп, жашоомду байкап жүрүптүр. Жеке кат жазып турчу. Андай каттар көп болот, жазгандардын баарына жооп бергенге убакыт деле болчу эмес. Бий тууралуу, жумушума байланыштуу каттар келсе дароо жооп жазчумун. “Сиз мага жагасыз” дегендерге көңүл бурчу эмесмин. Жолдошум да эки жыл аралыгында жазып жүрдү. Июль айында туулган күнүм болчу. Ошондо белегин алып келиптир. Биринчи жолугушуубуз туулган күнүмдө болду. Маңдайы жарык, жылдыздуу адам экен. Сүйлөшө келсең ар бир сөзү орундуу, токтоо. Жарым жылдан кийин ата-энеси менен тааныштырды. Атасынын туулган күнүнө чакырды. Андан кийин үйлөнүү тууралуу сунуш киргизди. Жан дүйнөсү мага жакын адам экенине мурда эле көзүм жеткен. Андыктан анын сунушуна көпкө ойлонбой макулдугумду бердим.
— Жашооңуздагы бул бурулушка балдарыңызды кантип даярдадыңыз?
— Төлөгөн менден мурун балдарыма жаккан. Мен балдарымды эмес, балдарым мени даярдашты окшойт. Жолдошум алардын көңүлүн бат эле тапты. Ал тургай кээде экөө тең “качан үйлөнөсүңөр?” деп сурап калышчу. Ушундан улам ал жагынан маселе жаралган жок. Ошентсе да жолдошумдун сунушун кабыл алганда балдарымдан бир ооз “мен Төлөгөнгө турмушка чыгайын деп жатам, каршы эмессиңерби” десем макул болушту. Көңүлүм ошондо тынчып калды.
— Тойго балдарыңыз да катыштыбы?
— Тойго барабыз деп көптөн бери даярдык көрүп, экөө тең костюм тиктиришкен. Тойго, албетте, келишти. Бирок бир да жолу чогуу балдарым менен сүрөткө түшүп албаптырбыз. Кийин көптөр “балдарыңды сүрөттөн көргөн жокпуз, тойго келиштиби?” деп сурашты.
— Жолдошуңуздун да балдары барбы же биринчи никесиби?
— Жолдошум буга чейин үйлөнгөн эмес, биринчи никеси. Биздин сезимдерибизди баары колдоду. Эң негизгиси – жолдошум экөөбүздүн сезимдерибиз маанилүү. Кесиби боюнча тиш доктур. Учурда Бишкекте иштейт. Өзү үйдө төрт бир туугандын улуусу. Карындашы, эки иниси бар. Ысык-Көлдүн Өрүктү-Хутор айылынан болот.
— Тойдогу колукту менен күйөөнүн бийин өзүңүз даярдагандырсыз?
— Ал жагынан “өтүгү жок өтүкчү” болдук десем болот. Тойго даярдык көрүп, жумуштан кечке бошобой чарчап калып жаттык. Тойго бир күн калганда даярдандык. Төлөгөндүн бийге жөндөмү жакшы экен. Мага көп түгөйлөр бий үйрөтүңүз деп келишет. Алар көптө үйрөнүшчү. Жолдошум бат эле үйрөнүп кетти. Той болгон күнү да он мүнөттөй даярдандык.


— Балдарыңыздын атасы Бакыт Байсариев менен сый мамилени сактап кала алдыңыз. Ал балдары менен канча убакытта бир жолугат?
— Балдарым жумасына бир жолу атасына барышат. Ал күндү үчөө каалагандай өткөрөт, эс алышат. Чоң ата-энесине барышат. Атасы балдарынын кем-карчын, керектүү нерселерин алып берип турат. Ортодогу балдар үчүн сый мамилени сактап калдык. Кээде балдарга экөөбүз чогуу бир нерселерди тандап алган учур болот.
— Балдарыңызды кандай ыкмада тарбиялайсыз? Атасы алардын тарбиясына катышабы?
— Башынан эле балдарым эрке, эркин өсүшкөн. Мен да көп урушпайм, бирок чектен чыгып баратканда катуу айтып коём. Мактайм, көп учурда туура эмес кылган иштерин жай айтып түшүндүрөм. Өздөрү эле оңолуп кийимдерин бүктөп, идиш жууп калышат. Атасынын да балдардын тарбиясына салымы бар. Ал да туура жолду көрсөтүп, айтып турат.
— Бийчи болгондуктан дене-мүчөңүздү бир калыпта кармап, тамакты мүнөздөп жейсизби?
— Мен жаккан тамактарды жей берем. Бирок бат толуп, кайра ошондой тездик менен арыктап алам. Бийлебей калсам кадимкидей салмак кошом. Балдарымды да туура тамактанганга аракет кылам.
— Кызыңыз бий тармагына кеттиби? Балаңыз ким болгусу келет?
— Кызым Майрам бий тармагына кетти деп айта албайм. Ою улам өзгөрүп турат. Бирде ырчы болом десе, кээде доктур болом дейт. Балам милиция болом деп жүрөт. Азыр каратэге бар десем көңүлдөнбөй атат. Жайында тил ийримдерине барып башташат. Кызым кытай, англис тилинен сабак алат. Эки күн мурда “бокска катышкым келет” деп таң калтырды. Ага да макул дедим.
— Бүгүнкү күндүн талабы менен бир нече жумушта иштегенге туура келет. Сиздин кошумча каражат тапчу булагыңыз барбы?
— Бий менин кичине кезимен берки хоббим десем болот. Үч жылдан бери тармактык бизнесте иштеп келем. Кытай фирмасында кызматкермин. Ал жакка барып адамдар менен иштешкенди, көп кыйынчылыкты жеңгенди үйрөндүм. Мындан үч жыл мурда апамдын көкүрөгүндө шишик бар экенин билдик. Анан апам ошол фирманын дары-дармегин, витаминдерди ичип айыкты. Ушундан улам ал фирма мага жагып калган. Фирмада иштеген кесиптештеримдин колдоосу менен мен көп кыйынчылыктарды жеңдим. Күчтүү болгонду үйрөндүм. Ал жака туш болгонума абдан сүйүнөм. Азыр адамдарды саламаттыгын чыңдаганга, туура акча табууга үйрөтөбүз. Күндүз офисте иштейм, кечинде студияда сабак берем. Кээде жаш жубайлар түн жарымына чейин бий үйрөнүп калышат. Жардамчыларым бар. Алар ар кандай уюштуруу иштерине жардам беришет.

— Маегиңизге рахмат, бактылуу болуңуз!

Анара Дүйшөналиева

Булак: «Леди.kg»

Назар Новости