Бекназаров Мадумаровду коррупция системасына күнөөлөдү

Бекназаров Мадумаровду коррупция системасына күнөөлөдү

Кечээ, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун «Мен — кыргызмын» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Анда саясатчылар, коомдук ишмерлер катышты.

Мына ошол аземинен кийин Азимбек Бекназаров журналистердин суроолоруна жооп берип жатып, «өлкөдөгү коррупциялык саясий системага эмнелер күнөөлүү?» деген суроосуна, шайлоо системасы жана аны жараткан Адахан Мадумаров баштаган адамдардын күнөөсү чоң экенин айтты.

«Саясий коррупциянын кетпей жатканына шайлоо системасы күнөөлүү. Мен муну иликтедим. Докторлук ишимди да жактадым.

Коррупция кайсыл жерде? Шайлоо системасында. 2007-жылы Максим Бакиев Адахан Мадумаров, Жаныш Бакиев, Медет Садыркулов төртөөсү шайлоо системасындагы коррупциялык системаны киргизген. 2010-жылы биз муну бузалы дедик. Бузалбай койдук.

Эгер Убактылуу өкмөтүндөгү он төртүбүз биригип Конституциялык кеңешме түзүп, биргеликте иш алып барып бузуп койгондо башкача болмок, бирок карабай калтырып койгонбуз. Мен үч эле добуш алып күчүм жетпей калган. Ошондон бери сакталып келе жатат. Мындан жаманы Конституцияга каршы келген шайлоо кодекси да бар» -деди Бекназаров.

Булак: «Факты.kg»

Назар Новости