Баш прокурорлор да кыйналышат…

Баш прокурорлор да кыйналышат…

Кыргыз мамлекетинде кимдер гана баш прокурор болбоду? Алгачкы жолу ошол кызматтын ажаатын ачкан аялдын ким экенин билесиңерби?

Эсиңерге жара чыкпаса Чолпон Баекова экенин унутпагандырсыңар? Аскар Акаевдин мезгилинде ушул айым көргүлүктү көрсөткөн. Анын сүрүнөн көптөгөн шектүүлөрдүн жүрөгү араң согуп калган. Элмырза Сатыбалдиев да учурунда прокурорлук кызматтын жакшылыгын көрүп, жемиштин ширинин гана жеп жүргөн. Бирок, анын кээрин да башынан кечирди.

Ал эми Роза Отунбаеванын амири менен баш прокурор болгон Аида Салянованын убагында далай чилистендер запкы жеди. Көбүнө түрмөнүн боткосун жегизди. Тилекке каршы бийликтин ооматы кеткен соң өзү да сурактан суракка чакырылып эмдигиче ат тезегин кургата албай келет. Аидадан төө матек алдыргандар эми анын өзүнө иттерин айдактоого өтүшкөнү деле ырас. Индира Жолдубаеванын да бүгүнкү күндө кабагы ачык эмес. Аны да суракчылар эрмектеп кез-кезде чакырганын коюшпай калышууда. Көрсө бул олбурлуу кызматтын таттуусунан сырткары ачуусу да болорун турмуш далилдеди. Ким билет, кырдаал башка жагына өзгөрсө Ө. Жамшитовдун да сурак берип калар күнү келер? Ал деле опол тоодой күчү болгон мыкчыгерлердин башына “кылычын” такабадыбы, же калппы? Келме-кезек бир күнү келерине күмөн саноого болбостур? Сөзүбүздүн калети жоктур, кандай дейсиңер, билермандар?

Булак: «Ачык сөз»

Назар Новости