Бакас: Буюрса, 25 жашка чыкканда үйлөнөм

Бакас: Буюрса, 25 жашка чыкканда үйлөнөм

Бакасты алгач тойлордон көрүп-билип таанысак, кийин чыгармачылыкка билек түрө киришип атын түптөгөнүнө күбөбүз. Өзгөчө стили, актёрдук чеберчилиги менен эл оозуна алынган ырчы жигит биздин рубрикабыздын коногу. Маегибизди алгач өзүңдөн баштайлы.

Өзүңдүн ысымың Бакаспы же сахнага ойлоп тапкан каймана атыңбы?

— Өзүмдүн толук атым Бакасов Нурлан. Бакас бул чоң атамдын аты. Өзүм Балыкчы шаарында турам. Үч бир туугандын кичүүсүмүн. Апам өмүр бою Балыкчы шаардык сотунда иштеген, учурда ардактуу эс алууда. Атам шоопур. Экөө тең карапайым, чыгармачылыктан алыс адамдар. Менин актёр болорумду укканда атам көңүлдөнгөн жок. Ага карабай 2014-жылы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын алдындагы төрт жылдык окуу жайга тапшыргам. 2018-жылы окуу жайды бүтүп, күз айында “Тың жеңе” деген алгачкы ырым чыккан. Чыгармачылыкка аралашканыңа бир жыл эле болсо да, эл оозуна алынып калдың.

Башкалардан эмнең менен өзгөчөлөнө алдың?

— Кудайга шүгүр, бир жылдан бери тааныгандар таанып жатат. Театрда окуп жүргөндө актёр, менин кураторум Эркин Эгембердиев көп колдоо көрсөттү, азыр да жардам берип келе жатат. Ырларымдын сөзүн жазып берет. Мага шоу дүйнөсүнө багыт берген адам десем болот. Андан сырткары мени менен изденүүгө, жаңылык жаратууга дайым даяр командам бар. Азыр ырчылар өтө көп. Арасынан өзгөчөлүк жаратып эле суурулуп чыкпасаң, бат эле иргелип калууң мүмкүн. Эл көрүп жаткан образымды, тамашалуу ырлардын стилин командам менен биргеликте ойлоп тапканбыз. Бирок продюсерим жок. Өзүмдү өзүм каржылайм.

Болсо иштешет белең?

— Сунушун байкап көрмөкмүн. Кээ бир продюсерлер ырчынын талантын баамдап, андагы жөндөмдү өстүргүсү келет. Айрымдар ырчы менен иштешип өздөрү пайда тапкысы келет. Кээ бири эки жакка тең бирдей пайда алып келген сунуш киргизет. Эгер мага ошондой сунуш айтылса, продюсер менен иштешүүнү да ойлонуп көрмөкмүн. “Акчүч” деген чыгармаң элге кеңири тарады.

Тойго да ушул чыгарманы ырдап бер деп чакырышса керек?

— Ооба, башында бул ыр чыкканда “ушундай да ыр болмок беле, кантип чыгардың?” дегендер болду. Бирок кыска убакыттын ичинде элге тарады. Тойго дал ушул ырым үчүн чакырышат.

Атайын ставкаң барбы? Бир күндө канча тойго жетишесиң?

— Негизи, ставкам бар. Бирок той ээсине “ушунча акча төлө” деп кычырай бербейм. Шартына жараша ырдап берем. Бир күндө эки тойго жетишем. Жанталашып деле напсимди буза бербейм. Буюрган акчага ыраазы болом. Негизи, мен чыгармачылыкка келгени жалаң эле тойго ылайыкталбаган олуттуу ырларга басым жасагым келет. Баарыбыз эле той ырчысы болуп кеттик. Каражат тапкан булагыбыз ошол болуп жатса айла жок экен. Менин оюмча, ырчы тойго арналган ырды сахнада же башка маданий иш-чарада ырдабашы керек. Ырдап жатканда отургандардын жанына барып тамашалап, сахнада секирип бийлегениң көзгө көрүнөт.

Канча убакыт даярданасың?

— Менин кесибим актёр болгондуктан, сахнадан секирип бийлеп же отургандардын көңүлүн буруу оорчулук деле жаратпайт. Сахнага чыгып алып кагылган казыктай болуп бир орунда туруп ырдаганды да жактырбайм. Элдин көңүлүн ачам деп келгенден кийин алар менен байланыш түзүп, эриктирбешиң керек. Бул да менин өзгөчөлүгүм деп эсептейм. Мындай өзгөчөлүк башка ырчылардын арасынан Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевде бар экенин байкагам. Инстаграм баракчаңда “апенди чалыш” деп сындагандар көп экен.

Сынды кандай кабыл аласың?

— Менин чыгармачылыгыма, образыма дасыккан актёр сын айтса туура кабыл алам, кемчилигимди оңдогонго аракет кылам. Чыгармачылыкты түшүнбөгөн, ал чөйрөдөн алыс жүргөн адамдар ар кандай сын айтса угуп коём, бирок маани бербейм. Сындын да айта турган орду, өзүнүн эрежеси болот. Баарына текши жаккыдай акча эмесмин, баары жакшы көргүдөй бал эмесмин.

Жандуу үн менен ырдайсыңбы же фонограммабы?

— Кээ бир жерде фонограмма менен ырдаганга туура келип калат. Барган жериңде аппаратура начар болуп калат, кээде оруп жатсаң “ырдап бер” дешет. Шартыңды түшүндүрсөң фонограмма менен деле ырдап кет дешет. Аны мен жашырбай эле ачык айта алам. Жандуу ырдай турган жерде комуздун же гитаранын коштоосунда каалаган чыгарманы аткарып бере алам. Өзүмдүн үнүмө өзүм ишенем.

Профессионал актёр болсоң режиссёрлордон тасмага тартылууга сунуш түшүп жатабы?

— Негизи, актёрдук кесипте окуп жатканда киного, клипке тартылууга кескин тыюу салынат. Себеби толук билимдүү актёр боло электе ролду ийине жеткире аткара албай калышың мүмкүн. Театрда башынан бери бекитилген ушундай эреже бар. Окууну бүткөнүмө аз эле болду, ошого карабай бир нече кинодо эпизоддук ролду жараттым. Акыркысы Бакыт Осмонкановдун “Напарниктер” деген киносу болду. Ага чейин Өмүрбек Нурдинов, Сапар Сайназаровдун кинолорунда роль жараткам. КТРдин Музканалында болгон жаңы жылдык берүүсүндө жомоктогу каарман Аладдиндин образын аткардым. Бул да мага чоң шык берди.

Күйөрмандарды чогултканга жетиштиңби?

— Менин күйөрмандарым ар кайсы куракта. Кичинекей балдардан баштап улуу эжелерге чейин. “Акчүч” деген ырымды жакшы көрүшөт экен. Көргөн жерден сүрөткө түшүп алалы дешет, жакшы каалоо-тилектерин айтып калышат. Бул мен үчүн өтө жагымдуу. Ал эми артымдан түшүп жанымды койбогон күйөрмандар боло элек.

Жүрөгүңдүн ээси барбы?

— Мен жыйырма беш жашка чыкканда турмуш курам деп ойлоп жатам. Ата-энем да чыгармачылыгыңды бир жолго коюп ал, азыр жашсың деп туура түшүнүп келатышат. Менден улуу агам үйлөнгөн, эки баласы бар. Азыр жүрөгүмдүн ээсин таптым. Буюрса, маңдайыма жазылган күнү баш кошобуз. Чыгармачыл адам үчүн жар тандоо өтө оор. Күндөп-түндөп иштеп калган учур көп болот. Ошонун баарын туура түшүнгөн түгөй керек экен. Сүйлөшкөн кызыма азыртадан кулагына куюп жатам. Учурда “түшүнөм, колдойм” деп түшүнүмүш этип жатат. Калганын убакыт көрсөтөт го… Сөздөрүңдөн улам дин жолунда экениңди байкадым.

Динде ырчылыкка жол берилеби?

— Ооба, намаз окуйм. Жаратканыбызды тааныйм. Намазды өзүм үчүн окуп жүрөм. Кээ бири ырдаган күнөө дейт, бирок өзүм деле билбейм. Аны Кудайдын алдына барганда өзү таразалап чечет го дейм. “Ырдасаң тозокко түшөсүң” дегендерди угуп эле жүрөм. Бирок баары Жараткандын колунда.

Сени менен сүйлөшүп отуруп мүнөзүң оңой эмес окшойт деп калдым?

— (Күлүп) Негизи, жашоодо шайыр адаммын. Күлүп-жайнап жүргөндү жакшы көрөм. Тилекке каршы, ачуум бат келет, сабырым аз. Эмоциямды жашыра албайм. Азыр ушул сапатымды оңдоонун үстүндөмүн.

Жаңы чыккан ырчылар жыл айланбай жеке концерт берчү эле…

— Мен быйыл туулуп-өскөн жеримде бата концерт берейин деп ойлоп жатам. Балким, кийинки жылдары борбордо жеке концертимди беришим мүмкүн.

Мээнеткечсиңби же жалкоосуңбу?

— Орто. Бош убактым болсо китеп окуйм, жаңы образдардын үстүндө иштейм, изденем. Такыр эле бош болуп калсам, жаным жер тартып чарчап турсам уйкуну катырам. Маегиңе рахмат, чыгармачылык бийиктиктерди каалайм!

Анара Дүйшөналиева

Булак: «Lady.kg»

Назар Новости