Азамат Жаманкулов бир жыл мурун кыргыз циркине дайындалган жетекчинин иш- аракеттери менен таанышты

Азамат Жаманкулов бир жыл мурун кыргыз циркине дайындалган жетекчинин иш- аракеттери менен таанышты

Маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бир жыл мурун кыргыз циркине дайындалган жетекчинин иш- аракеттери менен таанышты. Бул тууралуу аталган минстрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 7- февралда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов А. Изибаев атындагы Кыргыз Улуттук циркинин жетекчилиги тарабынан бир жыл ичинде жасаган иштери менен таанышып, эмгек жамаат менен жолукту

Бүгүнкү күндө цирк тарабынан 2023- жылга чейин А. Изибаев атындагы Кыргыз Улуттук циркинин өнүктүрүү максатында атайын концепция иштелип чыгып, бекитилди. Учурда аны ишке ашыруу боюнча кадамдар башталып жаткандыгын директор Фархад Бекмамбетов билдирди.

Директордун маалыматына ылайык, жетекчилик тарабынан инвестиция, демөөрчүлөрдү тартуу жана цирктин өздүк эсебине келип түшкөн акча каражат, 4,5 млн. сомду түзүп, имараттын ичине оңдоп- түзөө иштери жасалган. Алар, электрдик камсыздоо, жаныбарларды кармоочу жай (атканалар), ажатканалар, суу түтүктөрү оңдоп- түзөөдөн өткөн.
Ал эми, чыгармачылык жактан жакынкы аралыкта жаңы “Жигитовканы” кайрадан калыбына келтирип, эл алдына алып чыгууну пландап жатат. Бул иш- аракеттерди ишке ашыруу үчүн, жигиттер үчүн атайын аттар алынып, иштер жүрүүдө.

Министр эмгек жамаат менен жолугушуу учурунда, циркте иштеген кызматкерлер үчүн мурунку жылдарга караганда шарт түзүлүп, оңолуп жаткандыгын белгиледи. Министр өз сөзүндө кыргыз циркинин жандануусуна шарт түзүү максатында тиешелүү аракеттерди көрөөрүн белгилеп, цирк жетекчилигине чыгармачылык менен алектенүүгө, кыргыз циркинин кереметин алып чыгуу тууралуу пикирлерди талкуулашты.

Азыркы учурда А. Изибаев атындагы Кыргыз Улуттук циркинин кызматкерлери мамлекеттик деңгээлдеги иш- чараларга активдүү катышып келет.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости