ВИДЕО — Аскар Салымбеков Самара Каримованы карап, "…замерло до утра", деди

ВИДЕО - Аскар Салымбеков Самара Каримованы карап,

Коомчулук менен тыгыз мамиледе болуп, жардамын берип келе жаткан белгилүү коомдук ишмер, Аскар Салымбеков Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен дует ырдаган видео тасма социалдык тармактарга тарады.

Ал эми ырчы Самара Каримова дагы өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына видео тасманы жүктөп: «Саясатчы, коомдук ишмер, элдин көйгөйүн ойлогон Аскар Салымбеков агабыз менен ырдоо мен үчүн сыймык! Бар болуңуз ага!» деп билдирүүсүн калтырган.

Ырчынын жүктөгөн тасмасында ар кандай шилтемелер жазылууда.

«Азаматсыз Аскар Мааткабылович! Сизди ишкер, спортсмен, өтө акылдуу адам деп таанысак, таланттуу, ырчы дагы адам турбайсызбы! Ыр боюнча Самарага айла жок, күчтүү ырчы менен теңтайлашып ыр созуп жатасыз! Баракелде! дейбиз. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат», деп жазылган.

Белгилей кетсек, 1955-жылы Москва киностудиясында документалдуу «Спартакиаданын күндөрү» («В дни спартакиады») киносу тартылган. Атайын киного ылайыктап «Москва кечтери» («Подмосковные вечера») деген лирикалык ыр жазылган. Ырдын тексти акын Михаил Матусовскийге, обону Василий Соловьёго таандык.

Ырдын текстин эсиңиздерге сала кетели:

«Подмосковные вечера»

Не слышны в саду даже шорохи,
Всё здесь замерло до утра.
Если б знали вы, как мне дороги
Подмосковные вечера.

Речка движется и не движется,
Вся из лунного серебра.
Песня слышится и не слышится
В эти тихие вечера.

Что ж ты, милая, смотришь искоса,
Низко голову наклоня?
Трудно высказать и не высказать
Всё, что на сердце у меня.

А рассвет уже все заметнее…
Так, пожалуйста, будь добра,
Не забудь и ты эти летние
Подмосковные вечера!

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости