Аксана рыскулова, бизнес тренер: "заманбап кулдар чынжырда эмес кредитте жүрүшөт"

— Аксана айым, кредитсиз жашоо боюнча да сабак өтүп жүрбөйсүзбү. Ошол боюнча кеп салсаңыз?

— Азыркы учурда кредит алуу мүмкүнчүлүктөрү көп жана кредит алган адамдар дагы көбөйүүдө. Алар башка өзү сүйгөн жумушка иштей алышпайт. Себеби, бир күн эле иштебей калса, кредит төлөө, кредитке койгон үйү, машина, алтындан кол жууп калышы толук ыктымал. Кредит алуу – бул оору катары айтат элем. Эгерде сиз кредит алган адам менен көп баарлашсаңыз, сизге жугуп каалуу да коркунучу бар. Мен бул оору менен 6 ай дарыландым. Дарылануу каражаты дагы бир топ болду. Себеби, устатымдын “бул илдет менен алыша албасаң, келечекте сен эч ким боло албайсың” деген катуу талабы болду.

— Кредит мээнин чарчашына, көңүл чөгүүгө алып келсе керек…

— Кредит деген бул дайыма биздин мээбизде жүрөт жана негативдүү ойго кирет. Эмне үчүн десеңиз, сиз «кантип төлөйм?», «дагы канча ай же жума, жыл бар?» деп ойлоносуз. Окшоштук окшоштукту тартат, карыз карызды тартат. Биз канчалык кыжалат болуп карыз жөнүндө ойлосок, анда карызга белчебизден бата беребиз. Эгерде сиз «кредит албайм» деп төлөп кутулуп, кайра эле барып алып жатсаңыз, бул оорунун симптомдору сизде жашайт. Бул оору менен дарылануу өтө маанилүү. Дарылануунун эң эффективдүү жолу – акча боюнча билими бар устат менен иштешүү. Мен дагы акча керек учурда кредит алгам. Ал эми устат менен келишим түзүлгөндө мен анын айткан шарттарын аткарышым керек болгон. Акча керек учурда кредит алышымды айтканда, «жок, албайсың» деп алдыртпай, бул оору менен күрөшүүмдү катуу эскерткен. Устатым «колдо бар нерсе менен баштайбыз» деп план түзүп, кирешемди көтөргөм. Ага чейин «баарын акча чечет» деп үйүмдү күрөөгө коюп, көп суммадагы кредит алып жүрчүмүн.

Адам качан бактылуу боло алат? Эч бир карызы жок болсо, үй-бүлөсүндө казаны кайнап, балдары ойноп-күлүп отурса, мына ошол бакыт. Ошон үчүн кредит дагы эң чоң тема жана чоң маселе. Эч качан кредит албаңыз, карыз болбоңуз. Эгерде сиз балдарыңыздын да кредит алып карыз болушун каалабасаңыз, анда өзүңүз албай коюшуңуз керек.

Кредит албай коюунун кандай жолдору бар.

— Биринчи жолу – акча табуу жөндөмдүүлүктү арттыртуу керек. Бул багытта устат менен иштешүү зарыл болот.

Булак: «АЗИЯnews»

Назар Новости