Айдана Деканын апасы Жылдыз Деркембаева: «Кызымдын кыйналганын көрүүгө жүрөгүм чыдаган жок»

Айдана Деканын апасы Жылдыз Деркембаева: «Кызымдын кыйналганын көрүүгө жүрөгүм чыдаган жок»

Шоу чөйрөсүндөгү түгөйлөр Аваз Акимов менен Айдана Дека 16-январда кыздуу болушту. Жарык дүйнөгө жаңы келген наристе азыр бул үй-бүлөнү бакытка бөлөп турган кези. Жагымдуу кабарды биринчилерден болуп Айдананын апасы Жылдыз айым инстаграм баракчасына жүктөгөн. Таене статусуна ээ болгон маектешибиз окурмандар менен кубанычын тең бөлүштү.

—Бешик бооңуздар бек болсун! Таене статусуна ээ болуп кубанычыңыз койнуңузга батпай турат. Кызыңыздын төрөтүнө катыштыңызбы?

—Рахмат! Башыбызга баш кошулуп кубанып турабыз. Айдананын толгоосу башталгандан тартып жанында болдум. Кызыңдын жаны кыйналып турса жөн карап тура албайт экенсиң же жардам бере албайсың. Айланчыктап эле жанында жүрдүк. Бирок төрөтүнө катыша алган жокмун. Жүрөгүм чыдабайт эле. Негизи, башынан Айдананы операция жолу менен төрөтөбүз дешиптир. Өз алдынча төрөй албайт деп кооптонушкан окшойт. Бирок кызым өзү төрөдү. Аны уккандан кийин куда-кудагыйларга чалып сүйүнчүлөдүк. Азыр кызга ат тандап жатышат. Кызым менен неберемди үйгө чыгарып келдим. Кыркы чыккыча өзүмдүн көзөмөлүмдө болушат.

—Биз, аялзаты, өзүбүз төрөгөндөн кийин гана эненин баркын чындап билет эмеспизби. Айданада да ушул сезим болдубу?

—Негизи, кызым бой жеткенден ата-энеге карамдуу кыз болуп өстү. Кечээ да толгоо тартып жатканда: «Апа, сиз мени кандай азап менен төрөп, чоңойтконуңузду билчүмүн, бирок бүгүн жон терим менен сезип, дагы жакшы түшүндүм»,- деди.

—Кызыңыздын кичинекей кезиндеги кайсы жоругун эстегенде жүрөгүңүз элжирейт?

—Эсимде, 3 жашында курбуларым менен сейилдеп чыктык. Балдарга балмуздак берип коюп өзүбүз астыраакта сүйлөшүп кетип баратканбыз. Бир маалда кызымды карап коёюнчу деп кылчайсам, Айдана балмуздагын жеп баратат, көзү илинип баратат. Темтеңдей түшүп кайра түзөлүп колундагысын жеп калат, кайра көзү илинип үлдүрөйт. Ошол жоругун эстесем эле күлкүм келе берет. Дагы бир жолу жайында кир жууйм деп мени менен талашты. Макул деп илегенге суу куюп, бет аарчыны берип койдум. Самынды каалагандай эзип, жыргап отуруп калды. Бир маалда карасам бет аарчыны жууп жатып уктап кетип баратат. Кантер экен деп карап турсам баягы илегендин жанында биротоло уктап калды. Азыр деле кээде жумуш жасап жатканда уктап кетмейи бар. Аваз анысына күлүп калат. Азыр неберем да эмчек сурап ыйлайт да, эмизерде уктап кетет. Айдананын бул адаты кызына да өткөн окшойт деп күлүп жатабыз.

—Кичине кезинен эле тың беле? Балдарды кандай ыкма менен тарбияладыңыз?

—Бала кезинен эле жегенге бир нерсе алып берсең өзүнөн чоң кишилерге ооз тийгизип коюп, анан өзү жечү. Колундагы буюмду бөлүшкөндү жакшы көрчү. Берешендиги азыр деле бар. Өзүнө тың, таза болуп чоңойду. Өзүм жумшак адаммын. Андыктан балдарыма эркиндик бергем, жөнү жок чектеген эмесмин. Өздөрүнө тандоо укугун бердим. «Баары мен айткандай болот» деген энелерден эмесмин. Жаңылса өзү жаңылат, кайра катасын өзү оңдойт. Кетирген катаны оңдоп, ошонун аркасы менен жашоого тажрыйба топтой алат десем болот.

—Эки балаңыз тең чыгармачылыкта жүрөт. Бул талант кимден өттү эле?

—Канат менен Айдана ырга, бийге жөндөмдүү. Бул талант жүз пайыз менден өткөн деп айта алам. Себеби мен кичинемден музыка жандуу, ыр, бийге жакын болчумун. Тилекке каршы, жашоодо башка кесипти тандадым. Бирок мен жетпеген кыялга балдарым жетти. Өзүм бул тармакты жакшы көргөндүктөн колумдан келишинче балдарыма колдоо көрсөтүп келем.

—Уулуңуз эмне себептен чыгармачылыктан алыстап кетти? Учурда эмне иш кылат?

—Канат 20 жашында 4 клип тарттырып, 5 ыр жаздырып жакшы чыккан. Аты чыгып, таанылып калган кезде келиним экөө үйлөнөбүз дешти. Ага чейин экөө үч жыл сүйлөшүп жүрүштү. Ал кезде Канат консерваторияда окучу. Баш кошкондон кийин удаа үч балалуу болушту. Үй-бүлөнү багуу кандай мээнетти талап кыларын айтпасам деле белгилүү да. Учурда улуу кызы Жасмина 6,5 жашта, андан кийинки уулу Баястан 5ке толду, кичүүсү Дастан 3 жашка чыгат. Чыгармачылыктан четтеп башка тармакта иштеп калганы да ушундан. Бирок дээринде, көкүрөгүндө талант болгон соң бир жерден болбосо бир жерден жарып чыгат экен. Азыр чыгармачылыкка кайтып келүү үчүн даярдык көрүп жатат. Буюрган күнү сахнага кайтып келет. Буга чейин деле биротоло чыгармачылыктан алыстап кеткен эмес эле. Айдана турмушка чыгып жатканда «Карындашым» деген ырын аткарып элдин баарын жашыткан. Андан кийин Айдана экөө «Энекем» деген дуэтти ырдап чыгышты.

—Кыз киши энеге жан тартып, күйүмдүү келет эмеспи. Айданада ушул сапат барбы?

—Ооба, мага аябай эле күйүмдүү десем болот. Белек берип эркелетип турат. Майда нерсе алса да кымбатын, сапаттуусун алып берет. Колунан келсе дүйнөдөгү баалуу нерсенин баарын эле мага карматып койгусу келет. «Кудайым мага сени ырас эле бериптир» десем, «апа, бул башталышы гана» деп калат. Быйыл элүү жашка чыктым. Бирок агамдын баласы ооруп каза болуп калды. Негизи, ага чейин туулган күнүмдү чакан чөйрөдө белгилеп коёюн деп пландап жаткам. Иним каза болуп калгандан кийин андай майрам өткөрүүнү туура көргөн жокмун. «Апам элүүгө чыгып жатса кантип өткөрбөй коёбуз»,- деп Айдана болбой уюштуруптур. Бул мага күтүүсүз болду. Италиялык алтындардын топтомун жана «Айфон» белек кылышты. Балдарың сени бапестеп турса «ушуларды чоңойткон мээнетимдин акыбети кайтып жатат» деп кубанып калат экенсиң. Мен үчүн балдарым бактылуу жашаса, ошол эң чоң белек.

—Дайыма жаныңызда жүргөн кызыңыз турмушка чыккандан кийин жаман болдуңузбу?

—Турмушка чыкканга чейин Аваз экөө төрт жыл сүйлөшүп жүрүштү. Гастролго бирге чыгат, фотосессия, ыр жаздыруу дегенге чогуу барат. Оюмда экөөнүн бирге жүргөнүнө көнүп калгам, колун сураганда деле көп ойлонгон жокмун. Бирок кызым турмушка кеткенден кийин башында жарым этимди кесип алгандай эле болдум. Мурда 24 саат бою каалаган мезгилде чалып «кайдасың, эмне кылып жүрөсүң?» деп сурап турчумун да. Көнгөн адатым менен ошентип чалып жаттым. Кайра «эми күйөөсү бар да, «апасы эмне эле кайра-кайра чалып жатат?» деп ойлоп жатат го» деп өзүмдү өзүм токтотуп жаттым. Ушул кезде ортобузда чек пайда болгонун моюнума алдым. Дагы бир жагдай, Айдана жумуштан түнкүсүн келгенде акырын кирип жатып алчу. Эртең менен жумушка кетип жатканда бөлмөсүнө кирип бир сыйра карап, ачынып калса жаап коюп кетчүмүн. Турмушка чыккандан кийин ушул нерсеге көнө албай жаттым. Айтор, дайыма жанымдын жарымы болуп жүргөн кызымды коё берүү оор болду. Убакыт өткөндө гана көнүп, азыр жакшы болуп калдым. Тынчын алып чалбайм, күндө деле жолукпайбыз. Чыккан кыз чийден сырткары деген ушул экен.

—Күйөө балаңыз купулуңузга толдубу?

—Эгер Аваздын жаман жактарын байкап калсам, кызымдын бактысы үчүн «жөн эле кой» деп айтмак болушум керек. Бирок мен күйөө баламды жакшы жагынан гана таанып-билдим. Кызыма жасаган аяр мамилеси, өзүн алып жүргөнү жакты. Үй-бүлөгө карамдуу экенин баамдадым. Кызымды аябай сүйөт. Бири-бирине жаман айтканын уга элекмин. Үй-бүлөдө талаш-тартыш болот да. Ошондо да экөө жай отуруп, эмоцияга берилбей жакшынакай чечишип алганын байкадым. Экөөнүн сүйлөшүп отурганын байкасам, дайыма позитивдүү, жакшы нерселерди сүйлөшөт экен. Бир маселени көбүртүп чоң тема кылышпайт. Күйөө баламдын токтоолугуна, ой жүгүртүүсүнө баа бердим. Кээде экөөнү карап отуруп өзүм да үлгү алгым келет. Балдарым менен сыймыктанам.

—Учурда иштейсизби?

—Негизи, кесибим боюнча уюштуруучу-методистмин, менеджермин, бирок бул кесип менен көп иштеген жокмун. Союз ураган учурга туш келгендиктен, менин кесибиме талап көп болгон эмес. Ысык-Көлдө теледе алып баруучу болуп иштедим. Бүгүнкү күндө финансы жана кыймылсыз мүлк жаатында эмгектенем. Социалдык долбоорлор менен иштейм. Негизги жумушум – жарандардын үй маселесин чечип берүү. Андан сырткары каржы сабаттуулугу боюнча тренингдерди өткөрөм. Тилегим, жарандар каржы жагынан сабаттуу болуп, акчаны туура пайдаланып жакшы жашоодо жашаса дейм.

Булак: Леди.кж

Назар Новости