Жыл өткөн сайын кыргыз киносунун деңгээли өсүп, кээ бир профессионалдуу режиссёрлордун эмгегинен жаралган тасмалар көргөн көздү сүйүндүрүп, жагымдуу маанай тартуулап келет. Албетте, мындай тасмалардын көркүнө көрк кошкон, тасманы чыныгы тасма кылган негизги фигура – бул анда роль жараткан актёр, актрисалар болуп эсептелет. Мына ушундай өзүнүн кызыктуу ролдору менен элдин купулуна толуп келе жаткан жаш актриса Динара Багышбаева бүгүнкү биздин маектешибиз болмокчу…
— Динара, Сен учурда бир топ кыргыз кинолорунда роль жаратып, комедия жанрындагы актриса катары таанылып калдың. Кандайча келип калгансың кино дүйнөсүнө?
— Мен «Тамашоу» Лигасында «No name» командасынын курамында ойночумун. Баары эле билсе керек, командадагы жалгыз кыз мен болчумун. Командадагы Мурат, Кадыр деген агаларым жана актёр, режиссёр Сапар Сайназаров менен биргеликте «Бунт» деген тасма тартышкан. Ошондо мен Мурат байкенин жубайынын ролун жараткам. Алгачкы тартылып жаткан тасмам болсо дагы эч кандай кыйынчылык жаралган жок. Себеби «Тамашоунун» оюндарында көп учурда экөөбүз жубайлардын образын чагылдырып жүрчүбүз. Ошол тасмадагы ролумдан кийин эле башка режиссёрлордон да сунуш түшө баштаган.
— Актрисалык билимиң барбы негизи?
— Жок, мен Ош технологиялык университетин бүтүрүп, инженер-педагог жана психолог кесиптерине ээ болгом. Ал эми актрисалыкты хобби катары гана алып келе жатам.
— Мындай тамашакөйлүк мүнөз сага кимден өткөн?
— Негизи, үйдө бардыгыбыз эле тамашакөй адамдарбыз, бардыгыбыз тең юморго жакынбыз. Жөн отурган күнүбүз болбойт, дайыма бири-бирибизге тийишип, тамашалашып, каткырып күлүп эле отурабыз.
— Дайыма позитивдүү маанайда жүргөнүңдү көрөбүз. Сенин жашооңдо деле бир нерсеге кайгырып, маанайың түшкөн учурлар болобу? Кандай учурда шайыр Динара каардуу Динарага айланып кетиши мүмкүн?
— Ооба, дайыма позитивдүү жүрүүгө аракет кылам. Себеби бул жашоодо кайгыруунун кереги жок. Болбогон бир нерсеге кайгырып, өзүбүздү кыйнагандан көрө күлүп-жайнап, жакындарыңа дагы күлкү тартуулап жылмайып жүрүүгө эмне жетсин. Жылмайып жүрүү, негизи, сүннөт деп айтылат го. Ансыз деле жашоонун өзү негативге толгон. Позитивди адам өзүнө-өзү гана тартуулай алат. Ал эми менин көңүлүмдү эмне түшүрүшү мүмкүн? Жоопкерчиликсиз мамиле, айтканын так аткарбоо, чыккынчылык деген сыяктуу мамилелерге туш болгондо чыдабайм. Бардык адамдар сыяктуу эле менин деле ушундай терс кырдаалдар болгондо маанайым түшүшү мүмкүн. Бирок жаздыкты кучактап алып депрессияга түшүп ыйлоодон такыр алысмын.
— Жүрөгүңүздүн ээси барбы?
— Жок. Чынын айтсам, жигит жандап жүргөнгө деле убактым жок. Бардык нерсе өз убактысы менен болот го.
— А сенин жүрөгүңдү багындырчу мырза кандай сапаттарга ээ болушу керек?
— Эң негизгиси, ыймандуу болушу керек. Анан мырза деген атка татыктуу алып жүрүшү керек өзүн, кандайдыр бир көйгөй жаралып калса артын карабай качкан мырзалар жакпайт. Ар бир мырза өз айымы үчүн урабас дубал, туруктуу чеп болуп бериши керек го. Мен дагы келечектеги өмүрлүк жолдошумдун ушундай сапаттарга ээ болушун каалайм.
— Жараткан ролдоруң тууралуу күйөрмандардан сын уккан учурларың болду беле?
— Албетте. «Кинодо ойнобой эле койбойсуңбу, сеники такыр эле окшошпойт экен, ырдап эле жүрсөң болмок» дешсе, кээ бирлер, тескерисинче, «ырдай албайт экенсиң, кинодо эле жүрө берчи» деп сындап келишет. Мына ушундай сындар болгон, дагы да болуп келе жатат, аны жашырбайм. Жүз адам болсо, жүзү жүз башка ойлонот, алардын ар бирине көңүл буруп отурсам, эмне болом? Андыктан андай сындарга көңүл бурбайм. Эгерде айтканыңды түшүнбөй чектен ашкан адамдар болсо, дароо «кара тизмеге» киргизип коём. Эми адам катары менин деле кемчиликтерим бар болсо керек, бирок муну менен мен бирөөгө зыян кылып, бирөөнүн аброюна шек келтирген эмесмин. Ким мага кандай салам айтса, мен ошондой алик алам деген принцип менен жүрөм.
— Ырдайм деп айтып калганыңа караганда, кино тармагынан башка дагы алектенген иштериң көп окшойт?
— Ооба, ырдаганды жакшы көрөм, тамашалуу вайндарды тартам, кийим токуйм. Кичинемден эле апамдан үйрөнгөм кийим токуганды. Ошондон тартып ушул иш менен алектенип келем, өзүмө абдан жагат. Кичинекейимден эле кол өнөрчүлүккө жакынмын. Андан сырткары Ош технологиялык университетинде маданий-эстетикалык борбор бар, 2016-жылдан тартып ошол борборду жетектеп келем. Айтор, бош отуруп калган күнүм жок, дайыма иш менен алекмин.
— Абдан эмгекчил кыз экенсиң. Эң биринчи тапкан каржатың канча сом болгон?
— Мектеп курагында болчумун, 8-9-класс болсом керек эле, үйдө апамдын эски драп пальтосу бар эле, ошону бузуп туруп сумка тигип, сыртына сайма менен кыргыз оюм-чийимдерин түшүргөм. Аны бизге кошуна жашаган курбу кызым бар, ошого 100 сомго саткам. Ошол жүз сомду дагы 20 сом, 50 сом кылып жатып бөлүп берген болчу. Ошентип, эң биринчи тапкан акчам 100 сом болгон. Бул окуяга өзүм эле эмес, апам дагы абдан сыймыктанып бетимден өпкөнү эсимде. Жаштайымдан ушинтип эмгекке үйрөнгөнүм азыр дагы жемишин берип келет. Бир учурда 3-4 жумушта иштеген күндөрүм болгон. Кудайга шүгүр, ушундай талыкпаган эмгектин артынан тапкан үйүм, унаам бар, жакындарым аман-эсен жанымда. Ушунун баарына шүгүр кылып жашап келем.
— Дайыма иш менен алек болсоң үй жумуштарын жасоого деле колуң тийбейт экен да?..
— Жок, буга дагы жетишем. Үй жумуштарынын бардыгын жасай алам, анан да жакындарым жакшы билишет, кандай гана тамак болбосун бардыгын даамдуу кылып жасай алам.
— Бир жолу тамаша торго түшкөнүң эсибизде. Анда сен кафеде отурганда официант кыз суусундуктарды улам алып келип, калп эле сенин астыңа төгүп алып жатты. 5-6 жолу төксө дагы эч жиниң келбей жөн гана күлүп, тескерисинче, жаңы иштей баштаган официант деп ал кызга бооруң ооруп жатты. Сабырың чынында эле ушунчалык катуубу же тамаша тор тууралуу алдын ала билдиң беле?
— Жок, билген эмесмин. Дос балам жарнама тартыш керекпиз деп кафеге чакырган. Ал дайыма эле колунда камерасы менен жүрөт да. Ошондуктан тамаша тор экенин билмек турсун шектенген дагы жокмун. Тиги кыз алдыма сок төгүп салып жатканда «эмне, жумушка жаңы орноштуң беле?» деп сурасам, «ооба» деп үлбүрөп акырын жооп берсе ойлоптурмун да, тажрыйбасы жок окшойт деп. Ага тескерисинче боорум ооруган чынында. Бирок, ишенсеңиз, такыр жиним келген жок ошол кырдаалга. Кийин өзүм таң калгам, «ушунчалык дагы сабырдуу боломбу?» деп.
— Маегиңе рахмат.
Асел Эсенбек кызы
Булак: «Леди.kg»