Бишкекте 11-12 февралда Иран киносунун күнү өтөт. Бул тууралуу кинематография департаменти билдирди.
Иш-чара Ирандагы ислам революциясынын жеңишине арналат.
Маалыматка караганда, Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада 11-февралда саат 15:00до «Золото и медь» тасмасы көргөзүлөт. Ал эми 12-февралда саат 14:00 «Просто так» киносу жана ошол эле күнү саат 16:00до «Сезон нарцисс» фильми тартууланат.
Ош шаарында ушул эле фестиваль 14-февралда өтөт.
Булак: NazarNews.kg