Жалал-Абаддагы 10 мектепте электрондук күндөлүк системасы иштөөдө

Жалал-Абаддагы 10 мектепте электрондук күндөлүк системасы иштөөдө

Жалал-Абад шаарында пилоттук түрдө киргизилген 10 мектепте “Электрондук күндөлүк системасы” иштөөдө. Эми анын жардамы менен ата-энелер балдарынын мектепке келген убагынан тарта сабакка катышуусун, предметтик бааларын жана окуудагы жетишкендиктерине онлайн формат аркылуу маалым болуп турушат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул демилге 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санатиптештирүү” жылынын алкагында өткөн жылдын ноябрь айынан тарта иштей баштаган. Анын алкагында мугалимдер менен ата-энелердин ортосунда маалымат алмашууну ылдамдатуу максаты көздөлгөн.

Окуу процессин электрондоштуруу менен мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин мектептердеги билим сапатын жогорулатуудагы жоопкерчилигин бирдей шартта күчөтүлүүсү күтүлүүдө.

Эске салсак, “Электрондук күндөлүк” системасы пилоттук түрдө өлкөнүн 40 мектебинде иштеп жатат. Алардын катарында Жалал-Абад шаарында жайгашкан 10 мектеп да бар.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости