Кыргызстандыктар Латвиянын университеттеринде акысыз билим ала алат

Кыргызстандыктар Латвиянын университеттеринде акысыз билим ала алат

Кыргызстандын жарандары Латвиянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн аталган өлкөнүн мамлекеттик стипендиялык программасына катышса болот. Бул тууралуу Билим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул: бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары (10-11 ай), илим изилдөө мекемелеринин же жогорку окуу жайларынын кызматкерлери үчүн илимий же илим изилдөө иштерин жүргүзүү, студент жана профессордук- окутуучулар курамы үчүн жайкы мектеп.

Окутуу латыш жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Документтер 2020-жылдын 1-апрелине чейин кабыл алынат. Стипендиялык программанын шарттары, талаптары жана башка жагдайлары боюнча кеңири маалымтты бул шилтемеден алсаңыз болот — www.viaa.gov.lv/scholarships.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Латвия өкмөтү 2016-жылы октябрь айында билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу боюнча макулдашууга кол
коюшкан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости