Колледждердин базасында окуу комплекстерин ачуу пландалууда

Колледждердин базасында окуу комплекстерин ачуу пландалууда

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү жайларынын базасында окуу-өндүрүш комплекстерин түзүү тажрыйбасын кеңейтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Комплекстер өзүн-өзү каржылоо системасында иш алып барат. Элге көрсөтүлгөн сапаттуу кызмат окуу-өндүрүш комплекстерин каржылоого, ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жана кесиптик лицей же колледждердин инфраструктурасына инвестиция салууга жардам бере алат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров жана Каржы министринин орун басары Абдыбалы тегин Суйеркул Бишкек шаарындагы №18 жана Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик-лицейлердин базасындагы окуу-өндүрүш комплекстеринин иш жараянын көрүштү. Алар окуу-өндүрүш комплекстерин түзүү тажрыйбасын кеңейтүүнү талкуулашты.

Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашырган Азия өнүктүрүү банкынын долбоору аркылуу буга чейин кесиптик лицейлердин базасында төрт окуу- өндүрүш комплекстери ачылган.

18 жана №43 лицейдеги комплекстер жеңил, оор жүк ташуучу унаалар жана айыл чарба техникалырын оңдоо кызматын көрсөтөт.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости