Кыргызстандын колледждеринде быйыл иш ордунда окутуу киргизилет

Кыргызстандын колледждеринде быйыл иш ордунда окутуу киргизилет

Кесиптик техникалык билим берүү тармагын колдоо, өнүктүрүү, бекемдөө боюнча байкоочу кеңештин отурумунда Кыргызстандын коледждеринде быйыл иш ордунда окутуу киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирд.

Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүровдун айтамында, ушул тапта орто кесиптик билим берүү системасында иш ордунда окутуу концепциясы иштелип жатат.

«Инклюзивдик өсүү көндүмдөрү» программасы колледждерди реформалоого багытталган. Азыр ар бир аймакта алдыңкы тажрыйба борборлору уюштурулууда, алардын базасында реформалар сыноодон өтөт. Биз быйыл окуу пландарынын маңызы, структурасын кайра карап чыгууну көздөп жатабыз. Анын жыйынтыгында колледждин ар бир бүтүрүүчүсү заманбап кесиптик шык-жөндөмдөн сырткары, ишкерликти үйрөнүшү керек. Бул ага бизнес ачууга жардам берет. Ошондой эле окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу каралган, алар азыркы талаптарга жооп бериши зарыл», — деди Өмүров.

Отурумда белгилүү болгондой, быйыл алдыңкы тажрыйбалар борборлорунун базасында иш ордуна окутуу сыноодон өтөт. Ошондой эле бул борборлордо ишкердик боюнча модулдар окуу планына киргизилет.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын ноябрь айында Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кесиптик Кыргызстандагы орто билим берүү мекемелеринин башчылары менен жыйын өткөрүп, бул тармак толук модернизациялана турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости