САНАРИПТЕШҮҮ: Мектепке электрондук каттоо долбооруна дагы беш шаар кошулат

САНАРИПТЕШҮҮ: Мектепке электрондук каттоо долбооруна дагы беш шаар кошулат

2020-2021-окуу жылына карата балдарды мектепке электрондук каттоо системасы менен кабыл алуу Кыргызстандын дагы беш шаарында жүргүзүлө баштайт. Алар: Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, долбоорго кошулган шаарларда электрондук каттоо 15-февралдан башталат.

Ал үчүн балдарын биринчи класска берүүнү көздөгөн ата-энелер http://mektep.edu.gov.kg/ порталына катталып, талап кылынган бош талааны толтуруп, керектүү документтерди тиркеши керек.

Учурда долбоорго катышкан беш шаарда тиешелүү органдар тарабынан даярдык иштери жүрүп жатат: биринчи класска бара турган балдардын тизмеси, документтери жана башка маалыматтар такталууда.

17-январда Билим берүү жана илим министрлигинде ведомствонун жооптуу кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациялардын, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Социалдык өнүгүү министрлигинин, Бишкек шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү. Анда 2020-2021-окуу жылына карата балдарды биринчи класска электрондук каттоо аркылуу кабыла алуунун жаңы ыкмалары талкууланды. Бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат. Ошондой эле ал ата-энелерге балдарын мектепке жазылуусун жеңилдетет.

Мектепке электрондук каттоо пилоттук долбоору 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Анын жардамында борбордогу мектептерге 19 126 окуучу биринчи класска кабыл алынды.

Мектепке электрондук кезек системасынын аймагын кеңейтүү Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында ишке ашырылууда.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости