Кыргызстанда окуучулар үчүн илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өтөт

Кыргызстанда окуучулар үчүн илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өтөт

Билим берүү жана илим министрлиги «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы менен биргеликте 10-февралдан 14-февралга чейин мектеп окуучулары үчүн илим, республикалык техника жана өндүрүш жумалыгын өткөрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш чара “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында уюштурулуп жатат.

Жумалыктын максаты — балдардын аң-сезимин кеңейтип тим болбостон, аларды табигый-математикалык дисциплиналарды жана техникалык багыттагы кесиптерди өздөштүрүүсүнө, аталган багыттарга кызыктыруу болуп саналат.

Иш чаранын салтанаттуу ачылышы Кыргызстандын бардык билим берүү мекемелеринде өтөт. Бир апта бою окуучулары үчүн Улуттук илимдеакадемиясынын окумуштуулары менен жолугушуулар, “Технопаркка” жана илимий-изилдөөчүлүк институттарга экскурсиялар, Б.Н. Ельцин ат. КРСУнун, И.Раззаков ат. КМТУнун, ОшТУ, ОшМУ жана башка өлкөбүздүн алдыңкы окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы менен тегерек столдор,
дүйнөлүк илим жана техниканын жетишкендиктери жөнүндө лекторийлер, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук олбоорлордун конкурстары, интеллектуалдык оюндар жана викториналар болот.

12-февралда, окуучулар бүтүндөй өлкө боюнча өнөр жай ишканаларына, фабрикаларга, заводдорго жана өнөрканаларга окуучуларды технологиялык процесстер жана техникалык адистиктер менен тааныштыруу үчүн экскурсиялар өткөрүлөт. Ал эми республиканын аймактардагы балдары өз областтарындагы ишканаларына барышат.

Жумалыктын жаркын окуясынын бири — “Илим+Ойлоп табуу=Техника” Республикалык илимий-техникалык олимпиадасы эсептелет. Ал 12 жана 13-февралда Улуттук илимдер академиясынын Диссертациялар залында өтөт. Ага Кыргызстандын бардык областтарынан 20 команда катышат, бул – 100дөн ашуун адам. Бул жылы балдар “Катаал (түз эмес) адырда транспорт каражатынын кыймылын башкаруу” темасына өзүнүн жеке долбоорун түзүүгө тийиш.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости