Кыргызстандын мугалимдери эл аралык сынакта утушка ээ болушту

Кыргызстандын мугалимдери эл аралык сынакта утушка ээ болушту

Математика, физика жана информатика боюнча мугалимдердин жана олимпиадалык резервдин машыктыруучуларынын II Эл аралык IMPACT Olympiad ачык чыгармачылык конкурсунда мугалимдерибиз алтын, күмүш жана коло медалга татыктуу болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак 8-январдан 12-январга чейин Алматы шаарында болуп өткөн.

Конкурска КМШ мамлекеттеринин математика, физика жана информатика мугалимдери катышты. Төрт мугалимден түзүлгөн Кыргызстандын командасынан экөө байгелүү орундарды алышты. Бишкектеги Ч.Айтматов лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров коло медаль алса, ушул эле мектептин информатика мугалими Кылычбек Ураимов биринчи орунга ээ болуп, алтын медаль утуп алды. Мындан сырткары Бишкектеги Келечек MIT мектебинин математика мугалими Ишматов Махамадхан күмүш медалды жеңген.

Мугалимдердин жана машыктыруучулардын бул IMPACT Olympiad чыгармачылык конкурсу 2019-жылдын январь айынан бери уюштурулуп келе жатат.

Конкурстун негизги максаты – таланттуу, кесипкөй көндүмдөрүн оптималдуу түрдө көрсөтмөлүү колдоно билген чыгармачылык менен иштеген мугалимдер менен машыктыруучуларды табуу, колдоо жана сыйлоо болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости