ВИДЕО – Түркия Россияга согуш жарыялап аны ичинен жок кыла тургандыгын билдирди

ВИДЕО – Түркия Россияга согуш жарыялап аны ичинен жок кыла тургандыгын билдирди

Бүгүн түнү менен түрк армиясы Идлиб аймагында сириянын президенти Башар Асаддын өкмөттүк аскерлерине абадан сокку урду. Мындан бир күн мурда сириялык аскерлер россиялык аскер күчтөрүнүн колдоосу менен түрк армиясынын 33 жоокерин жок кылып, 36 аскерин жарадар кылган. Ошондон кийин аймактагы абал кескин курчуп, россиялык жана сириялык аскерлер түрк армиясынын бутасына илинди.

Кечээ, Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдогандын кеңешчиси Месут Хакки Түркия Россия менен буга чейин 16 ирет согушкандыгын айтып, эми ага дагы бир ирет даяр экендигин айтып, Россияны өздөрүнүн аймагынын ичинен жок кыла тургандыгын билдирди. Анда ал: “Биз Россия менен буга чейин 16 жолу салгылаштык, ага дагы бир ирет даярдыз. Биз Россияны ичинен жок кылабыз. Россиянын аймагында 23 миллион мусулман калкы жашайт. Ошолор аркылуу силерди жок кылабыз”, — дейт Хакки.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости