ВИДЕО- Президент коронавируска курмандык кылуу үчүн Кытайга 30 миң кой берди

ВИДЕО- Президент коронавируска курмандык кылуу үчүн Кытайга 30 миң кой берди

Монголия коронавирус менен күрөшүү үчүн жардам катары Кытайга 30 миң койду белекке берди. 30 миң койду Монголиянын президенти расмий түрдө Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпинге кат түрүндө 27-февралда тапшырды.
— Бүгүн Кытайдын өкмөтү коронавирус менен активдүү күрөшүп жатат, буга Монголиянын өкмөтү жана эли чоң жардамын берүүнү улантууда. Бул иш сапары Кытай менен Монголиянын бакытты, кайгыны, жардамды тең болүшкөн кошуна эл экендигин тастыктайт. Президент Х. Баттулга, сиз эпидемия тарагандан кийин бул өлкөгө келген алгачкы президентсиз. Сиздин Кытайга келишиңиз кытай элин канчалык колдоп жатканыңыздарды билдирет,-деп айткан Си Цзиньпин.

Бул жаңылык Кытайдын социалдык тармактарында активдүү талкууга алынууда. “Монголиянын президенти Кытайга 30 000 кой курмандыкка чалды”, деген тема Sina Weibo тармагында 100 миллион жолу көрүлгөн.

— Мен бирөөнү жегим келип кетти. Рахмат, Монголия!,-деп Sina Weiboнун колдонуучусу жазган.

— 30 миң кой 60 миллиондун юандын тегерегиндеги сумма (8, 65 доллар) болот. АКШ Кытайга 100 миллион берүүнү убадалаган, бирок ал каражат кана?,-дейт дагы бир колдонуучу.

Буга чейин да Монголиянын премьер-министри коронавирус менен күрөшүүгө 200 миң доллар берилерин айткан. Монголиянын президенти Батуллганын Кытайга болгониш сапарынан кийин президент жана анын делегациясы карантинге алынган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости