Күнөөсүз 23 жыл абакта жаткан киши акчалай компенсация алат

Күнөөсүз 23 жыл абакта жаткан киши акчалай компенсация алат

1994 -жылы 17 жашында Кансас аймагында 2 кишини өлтүрдү деген негиз менен түбөлүк абак жазасына тартылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Бирок 2017 -жылы октябрь айында акталып, эркин коё берилген Ламонт МакИнтайртын доосу аяктады. Чечим боюнча Кансас аймагынын башкаруусу Ламонт МакИнтайрга 1, 5 миллиард доллар компенсация төлөйт.

Белгилей кетсек, Ламонт МакИнтайр саламаттык сактоо тейлөөсүнөн эки жыл акысыз пайдаланат жана лицейден кийинки билим алууда акы төлөөдөн бошотулат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости