ВИДЕО- Жүргүнчү таксистти зордуктоого күнөөлөп, кайра кечирим сурады

ВИДЕО- Жүргүнчү таксистти зордуктоого күнөөлөп, кайра кечирим сурады

Москвада таксист менен кардардын ортосунда дагы ызы-чуу чыкты. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар билдирүүдө.

Мария Вылегжанина-Донская деген жакшынакай эле аял, күйөөсү бар жана кичинекей баланын энеси спирт ичимдигин ашыкча ичип алып, Gett кызматынын таксистине кол салып, полицияга түшүп калды жана айдоочудан кечирим суроого аргасыз болду.

Башында аял окуя тууралуу өзү социалдык тармактардан айтып берген. Мария айдоочу аны зордуктоого аракет кылды, андан кийин полиция кызматкерлерин чакырды деп билдирген. Полиция кызматкерлерине банги затты колдонууда жана 15 миңди урдоодо шектелип кармалган. Ал болгон окуяны тастыктоо үчүн билдирүүгө көк-ала болгон сүрөттөрдү тиркеген.

Андан кийин окуяны тартып алган айдоочу видеону жарыялайт. Кадрларда көрүнүп тургандай Мария өзүн башкача алып, айдоочуну сөгүп, кол салып жатканын көрүүгө болот. Ошондо да айдоочу аял менен сылык мамиледе сүйлөшкөнү көрүнүп турат.

Натыйжада Мария элдин алдында айдоочудан кечирим суроого аргасыз болгон. Менеджер билдирүү жазып чыккан. анда ал айдоочудан кечирим сурап, болгон окуяны түшүндүрүп берген. Анын айтымында ал коноктон келе жаткан жана бир аз вино ичип алып, унаага отурганда паникалык атака башталган, ошол себептен ушундай окуяга туш болду.

Ошону менен катар ал Gett компаниясына айдоочуларын мындай кырдаалда эмне кылыш керектигин үйрөтүп коюу керек деген сунушун киргизди. Компаниянын өкүлдөрү бул кырдаалды тамаша менен кабыл алышты жана сарказм менен жүргүнчүгө ыраазычылык билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости