Коронавируска байланыштуу Монголиянын президенти карантинге алынды

Коронавируска байланыштуу Монголиянын президенти карантинге алынды

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Кытайдагы иш сапарынан кайтып келген соң, 14 күндүк карантинге алынды. Бул тууралуу монгол басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, монгол президенти кытай президенти менен коронавирустун очогу болгон Пекин шаарынан жолугушкан. Буга байланыштуу ал медициналык кароодо, жөнөкөй жарандар сыяктуу эле 14 күн боюу болот.

Белгилей кетсек, монголиянын президенти расмий түрдө Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпинге 27-февраль күнү жардам катары 30миң кой белек катары берген.

“Кытайдын өкмөтү коронавирус менен активдүү күрөшүп жатат. Буга Монголиянын өкмөтү жана эли чоң жардамын берүүнү улантууда. Бул иш сапары Кытай менен Монголиянын бакытты, кайгыны, жардамды тең болүшкөн кошуна эл экендигин тастыктайт. Сиз эпидемия тарагандан кийин бул өлкөгө келген алгачкы президентсиз. Сиздин Кытайга келишиңиз кытай элин канчалык колдоп жатканыңыздарды билдирет,-деп айткан Си Цзиньпин.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости