ВИДЕО-Дүйнөдөгү поп-аткаруучулардын сап башында турган ырчы бийлеп жатып бутун сындырып алды

ВИДЕО-Дүйнөдөгү поп-аткаруучулардын сап башында турган ырчы бийлеп жатып бутун сындырып алды

Дүйнөдөгү поп-аткаруучулардын сап башында турган ырчы Бритни Спирс бийлеп жатып бутун сындырып алды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына бийлеп жатып бутун кантип сындырып алганын чагылдырган чакан видеону жарыялады. Видеодо көрүнүп тургандай ырчы бийлеп жатып ийгиликсиз кыймыл жасап, бутун кокустатып алган.

Ырчы бул туурасында “Алты айдан бери бийлей элек болчумун. Буга байланыштуу кээ бир кыймылдарды унутуп, денемда катып калыптыр. Албетте, бул учур абдан жагымсыз экен”,- деп билдирген.Картинки по запросу "Бритни Спирс"Эске сала кетсек, Бритни Спирс дүйнөдөгү поп-аткаруучулардын сап башында турган ырчы. «Forbes» журналы Бритни Спирсти шоу-бизнестеги эң бай аялдардын ичинен 12-орунга койгон. Себеби ал 2008-жылдан 2009-жылга чейин 35 миллион доллар киреше тапкан. 2011-жылы Бритни Спирс ырчы Леди Гаганын колунан «MTV Video Music Awards» сыйлыгын алган.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости