ВИДЕО – АКШ Түркияны колдоого алып, Россия жана Иранга эскертүү берди

ВИДЕО – АКШ Түркияны колдоого алып, Россия жана Иранга эскертүү берди

АКШнын президенти Дональд Трамп Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдоганды Сириянын түндүк-батышындагы аскердик аракеттерин колдоого ала тургандыгын билдирди.

Телефондук сүйлөшүү маалында Трамп Эрдоганга түрк аскерлеринин Идлиб аймагында курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтып, Анкаранын аймактагы абалды жөнгө салуу боюнча иш аракеттерин колдой тургандыгын айткан. Ошол эле маалда Сириядагы Россия жана Ирандын аракеттери региондогу абалды курчутуп жаткандыгын белгилеген.

Белгилей кетсек, буга чейин сириялык аскерлер россиялык аскер күчтөрүнүн колдоосу менен түрк армиясынын 33 жоокерин жок кылып, 36 аскерин жарадар кылган.Бирок,орус тарап өкмөттүк аскерлердин аскердик операциясы учурунда түркиянын куралдуу күчтөрү ал жерде болбошу керек болчу деген позициясын билдирип, россиянын аба-космостук күчтөрү түрк жоокерлерин жок кылууда катышпагандыгын билдирген. Ошондон кийин аймактагы абал кескин курчуп, россиялык жана сириялык аскерлер түрк армиясынын бутасына илинди.

Кечээ, Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдогандын кеңешчиси Месут Хакки Түркия Россия менен буга чейин 16 ирет согушкандыгын айтып, эми ага дагы бир ирет даяр экендигин айтып, Россияны өздөрүнүн аймагынын ичинен жок кыла тургандыгын билдирди. Анда ал: “Биз Россия менен буга чейин 16 жолу салгылаштык, ага дагы бир ирет даярдыз. Биз Россияны ичинен жок кылабыз. Россиянын аймагында 23 миллион мусулман калкы жашайт. Ошолор аркылуу силерди жок кылабыз”, — дейт Хакки.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости