Көчөдө медициналык беткап тагынып жүргөн аялга айып пул салынды

Көчөдө медициналык беткап тагынып жүргөн аялга айып пул салынды

Ашхабадда көчөдө медициналык беткап тагынып жүргөн аялга полиция кызматкерлери айып пул салды. Бул тууралуу түркмөн басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда окуя, 24-февраль күнү кечинде болгон. Анда полиция кызматкерлери жумуштан чыгып үйүнө бараткан аялды токтотуп, документтерин текшеришкен. Андан соң беткап тагынып жүрүүгө болбой турганын айтып, полиция бөлүмүнө жеткиришет.

Бөлүмдөгүлөр келинден «Сен өкмөттүн вируска каршы көрүп жаткан чараларына ишенбейсиңби? Биз жетекчилигибиз баш болуп баарыбыз беткап жок жүрөбүз. Сен эмне тагынып алдың? Беткапчан адамдар элди дүрбөлөңгө түшүрүп жатышат»,-деген.

Келин жөн гана дарыгерлердин шартын аткарып жатканын түшүндүргөн. Бирок буга карабастан, ага 249 манат (расмий курс боюнча 4890сом) өлчөмүндө айып пул жазып беришкен. Аялдын паспортун алып калышып, эртеси айып пул төлөгөндүгүн ырастаган дүмүрчөк көрсөткөндө гана кайтарып беришкени жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости