Түркияда акысыз билим алуу үчүн конкурс жарыяланат

Түркияда акысыз билим алуу үчүн конкурс жарыяланат

Түркиянын мамлекеттик жогорку окуу жайларында бакалавр, магистратура жана докторантура программалары боюнча акысыз билим алууну каалагандар үчүн сынак жарыяланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул стипендиялык программалардын арасында мамлекеттик кызматкерлердин жана мугалимдердин түрк тилин үйрөнүүсү үчүн КАТИП деп аталган стипендиялык программасы да бар экенин өзгөчө белгилейбиз.

Студенттер эки турдун жыйынтыгы менен тандалып алынат. Биринчи турда талапкерлер Түркия Республикасынын мамлекеттик стипенидиялар расмий сайтынан https://turkiyeburslari.gov.tr онлайн каттоодон өтүшү керек. Биринчи турдан өткөндөр маектешүүгө чакырылат жана өз өлкөсүндө система тарабынан көрсөтүлгөн шаарлардын арасынан бирөөнү тандап, экинчи турга катышат. Толук маалымат тапшыруучунун электрондук дарегине келет. Кайсы университетке, бөлүмгө өткөндүгү жана кайсыл убакытта Түркияга келиши керектиги тууралуу маалымат тапшыруучунун электрондук дарегине жиберилет.

Шарттар жана талаптар:

Белгиленген убакытта гана катталууга болот. 2020-жыл үчүн 10-январдан 20-февралга чейин;

Талапкерлер Түркия Республикасынын мамлекеттик стипендиясынын расмий сайтынан https://turkiyeburslari.gov.tr/tr онлайн катталуусу шарт;

Катталуулар 7 тилде кабыл алынат: түрк, араб, англис, француз, орус, босния жана испан;

Сайтта белгиленген суроолорго так жооп берилүүчү шарт;

Сайтта талап кылынган документтер системага толук жүктөлүүсу шарт;

Катталуу акысыз;

Колдон жана почта аркылуу жиберилген катталуулар кабыл алынбайт;

Бакалаврга тапшыруу үчүн 21 жаштан ашпоосу шарт;

Магистратурага тапшыруу үчүн 30 жаштан ашпоосу шарт;

Докторантурага тапшыруу үчүн 35 жашташ ашпоосу шарт;

Илимий изилдөө стипендиясына тапшыруу үчүн 40 жаштан ашпоосу шарт.

Мүмкүнчүлүктөр:

Студенттин Түркияга алгачкы келиши жана окуусун аяктагандан соң кетүү учак билети акысыз;

Ай сайын стипендия берилет;

Акысыз дарылануу;

Акысыз бир жыл түрк тилин үйрөнүү курсу;

Жатакана, эртең мененки жана кечки тамак акысыз (кечки тамак 8 түрк лирасынан аша турган болсо, студент өз чөнтөгүнөн төлөйт);

Жатаканада жашоону каалабагандар үчүн акчасын (500 лира) Түркия стипендиялары төлөп беришет;

Акысыз академиялык курстар, cеминарлар, маданий жана социалдык иш чаралар;

Катталуучу өзү белгилеген 12 университеттин ичинен бирөөсүнө жайгаштырылат.

Стипендиянын көлөмү:

Бакалавр үчүн – 800 лира

Магистратура үчүн – 1100 лира

Докторантура үчүн – 1600 лира

Ар бир студенттин койгон талабына жооп берүү:

1. Түркиядагы университеттердин көбүндө окуу программасы түрк тилинде өтөт. Ал эми кээ бир университеттер англис жана башка тилде чет тилдерде билим беришет. Ошондуктан TOEFL жана ушул сыяктуу тил боюнча сертификаттар талап кылынат. Мындан тышкары, кээ бир окуу программалары үчүн GRE, GMAT, SAT сыяктуу тесттердин сертификаты да талап кылынышы мүмкүн. Студент катталып жатканда тапшыргысы келген университеттин талаптарын да текшере алат.

2. С1 түрк сертификатына ээ болгон студенттер түркчө даярдоо курсун окубастан автоматтык түрдө окуусун баштайт. С1 түрк сертификатына ээ болбогон студент бир жылдык түрк тилин үйрөнүү курсун окуп, жыл аягында С1 сертификатына ээ болуусу керек.

Түркия мамлекети тарабынан каржыланган башка стипендиялык программалар:

1.Жетишкендик стипендиясы (1-жыл) – Түркияга өз мүмкүнчүлүгү менен келип, академиялык жетишкендиктерге ээ болгон студенттерге берилет.
Бакалавр — 440 лира
Магистратура – 590 лира
Докторантура – 880 лира.
Стипендия гана берилет. Жатакана жана акысыз дарыланууну камсыздабайт. Тапшыруу мөөнөтү 2020-жылдын октябрь айында башталат.

2. Илимий изилдөө стипендиясы (3-12 ай) – Илимий изилдөөчүлөр жана университет мугалимдеринин өз кесибине байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзүүнү колдоо максатында уюштурулган. Ай сайын 3000 лира стипендия ерилет. Жылына 4 жолу тапшырууга болот.

Тапшыруу мөөнөттөрү:

1. 1-январь 2020-жыл
2. 1-апрель 2020-жыл
3. 1-июль 2020-жыл
4. 1-октябрь 2020-жыл

3. КАТИП стипендиясы (8-10 ай) – Чет элдик, мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар, университет мугалимдери жана илимпоздор үчүн түрк тилин үйрөөнүү программасы. КАТИП стипендиясына катталуу тууралуу жана толук маалымат үчүн чет өлкөлөрдөгү түрк элчиликтерине кайрылуу зарыл. Ай сайын 2000 лира стипендия берилет. Учак билети, жатакана, түрк тили сабактары акысыз. Кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден алсаныз болот: https://www.turkiyeburslari.gov.tr/en/page/prospective-students/scholarship-programs

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости