Төрт депутат коронавирусту жуктуруп алды

Төрт депутат коронавирусту жуктуруп алды

Иранда парламенттин төрт депутаты өпкөнү сезгенткен коронавирусту жугузуп алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар билдирүүдө.

Ал эми, Межлистеги 30 депутаттын төртөө илдетке кабылганын парламенттик президиумдун мүчөсү Мохаммад Али Вакили кечээ, 28-февралда “Твиттер” аркылуу кабарлады.

Иранда Кытайдан чыккан вирусту жугузуп алган бир нече жогорку кызматтагы адамдардын арасында аялдар жана үй-бүлө маселелери боюнча вице-президент Масумех Эбтекар да бар.

Аталган өлкөдө вирус тездик менен жайылып, соңку бир суткада эле сегиз киши илдеттен каза тапты.

Акыркы маалыматтар боюнча, Иранда вирустан көз жумгандардын саны 34 кишиге жетип, 388 адам жугузуп алды.

Кытайда болсо вирусту жугузуп алгандар 78 824 адамга жетип, 2788 киши көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости