Аэропортто коронавирус менен шектелген эки кишини изоляторго алчу бөлмө табылбай, ызы-чуу чыкты

Аэропортто коронавирус менен шектелген эки кишини изоляторго алчу бөлмө табылбай, ызы-чуу чыкты

23-февралдан 27-февралга чейин Өзбекстанга учуп келген эки жүргүнчү коронавирус жуктуруп алгандыкта шектелди. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратты.

Коронавирус боюнча 1-учурда Кытайдан учуп келген жүргүнчү эч кандай тоскоолдуктарсыз Өзбекстандын аймагына кирип кеткен. Ал 23-февралда Ташкент аэропортуна келип, бирок карантинге алынган эмес. Жаран өзү айылдык бейтапканага келип: “Мен коронавирус жуктуруп алган окшойм”,-деп айткан.

“Тиешелүү анализдер тапшырылып, жыйынтыгында кишиден коронавирус табылган жок. Бирок бул учур биздин коронавируска каршы даярдыгыбыз кандай экендигин билдирип койду. Биринчиден, аэропорттогу тиешелүү текшерүүлөр эрежеге ылайык жүргүзүлгөн жок. Мындан сырткары, анализдерди тапшырууда көйгөйлөр жаралды”,-деп билдирген Саламаттыкты сактоо министри Алишер Шадманов.

2-учур: “27-февралда Сеулдан учуп келген жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезгендигин учак Ташкентке конгондон кийин билдирген. Ташкенттин аэропортунда коронавируска шектелгендерди текшерүү үчүн атайын изолятор болушу керек. Бирок андай изолятор жок! Бул окуя Ташкенттин аэропортунда болду. Анда Өзбекстандын башка аэропортторунда эмне болуп жатат?!”,-деп ачууланган министр.

Эске сала кетсек, КРнын Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Саламаттык сактоо министри Чолпонбаев Космосбектин да ишине нааразы болуп, 3-өлкөлөр аркылуу келген кытайлыктардын өлкөгө киргизилишин, коронавирус жуккан мамлекеттер менен мамиле кылууну убактылуу токтотууну сунушташкан эле.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости