Сыра заводунда ок атышуу болду. Каза болгондор бар

Сыра заводунда ок атышуу болду. Каза болгондор бар

АКШнын Висконсин штатындагы Милуоки шаарында жайгашкан Molson Coors сыра заводунда атышуу болду. Бул тууралуу ABC News басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, тышууда 6 киши көз жумган. Чабуул жасаган кылмышкер да көз жумганы маалымдалды. Атышууну Molson Coors заводунунан бошотулган мурдакы кызматкери уюштурган.

Molson Coors жумушчуларына электрон почтасы аркылуу эскетүү берген. Алардан офистеринде иш алып барбоосун суранган. Заводдо 600 киши иштейт.

Милуоки полициясы окуя тууралуу расмий маалымат бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости