СҮРӨТ-Жалал-Абаддын Акман айылында алгачкы “Гүлдесте” бала бакчасы ачылды

СҮРӨТ-Жалал-Абаддын Акман айылында алгачкы “Гүлдесте” бала бакчасы ачылды

Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагынын Кайырма айылында №38 «Гүлдесте» аттуу бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

«Буга чейин аталган айыл аймакта бир дагы бакча болгон эмес. Көпчүлүк тургундар балдарын райондун борборунда жайгашкан бала бакчаларга алып барышчу. Эми 75 орундуу «Гүлдестеге» беш айылдагы бөбөктөр да кабыл алынат», — деди өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Байгазы Райымкулов.

Пайдаланууга берилген жаңы 75 орундуу бала бакчанын курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, 22 миллион сом жумшалган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости